Экспорттолуучу жеңил өнөр жай товарларына маркалоо коддору берилүүдө – Нускама

Экспорттолуучу жеңил өнөр жай товарларына маркалоо коддору берилүүдө – Нускама

Кыргызстанда 20-майдан тартып, РФга экспорттолуучу жеңил өнөр жай товарларынын айрым топторуна маркалоо коддору бериле баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматы билдирет.

Маркалоо коддору РФнын маалымат системасы тарабынан иштелип чыккан жана операторлор аралык алмашуунун алкагында «Альфа Телеком» ЖАК тарабынан берилет.

Экспортко чыккан төмөндөгү жеңил өнөр-жай товарлары маркаланууга тийиш:

  • кийим буюмдары, анын ичинде табигый же курама булгаарыдан жасалган  кийимдер (ТНВЭД- 4203 10 000)
  • аялдар же кыздар үчүн машинага же колго токулган жеңил кийимдер: блузкалар, блуздар жана блузондор (ТНВЭД- 6106)
  • пальто, жарым пальто, накидкалар, плащтар, курткалар (анын ичинде лыжа үчүн), ветровкалар, штормовкалар жана ага окшош эркектер же эркек балдар үчүн буюмдар(ТНВЭД- 620)
  • пальто, кыска пальто, накидкалар, плащтар, курткалар (анын ичинде лыжа үчүн), ветровкалар, штормовкалар жана ага окшош аялдар же кыздар үчүн буюмдар (ТНВЭД- 6202)
  • төшөк, ашкана жана даараткана буюмдары (ТНВЭД- 6302)

Маркалоо кодун кантип алса болот?

Жогоруда аталган товарларды өндүрүүчүлөр жана экспорттоочулар, маркировкалоо жана GTIN-коддорун алуу үчүн, биринчи кезекте, GS1 предметтик нумерациялоо Ассоциациясына кириши керек.

Ушундан кийин гана «Альфа Телеком» менен белгилөө коддорун көрсөтүү боюнча кызматтарды алуу келишими түзүлөт. Анын негизинде ишкерлер маркалоо коддоруна буйрук берген, товарларга болгон арыздарын жана аларды жөнөтүүнү каттаган системага кирүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

«Альфа Телеком» ЖАКы менен келишим түзүү үчүн төмөнкү даректер боюнча тейлөө борборлоруна кайрылууга болот:

Бишкек шаарында:

Восток-5 кичи району, Чүй проспекти, 32/б үйү, «Изумруд» соода борборунун жанында

Кожевенная көчөсү, «Дордой» базары, 15 өтмөк, № 60-61 конт. (“Мир обуви”)

Чүй проспекти, 204, «Берекет Гранд» СБ, 0-этаж;

Айтматов проспекти, 3, «Asia Mall» СБ, этаж 0.

Ош шаарында:

Масалиев проспекти, 2 (багыттама – Каныкей эстелиги)

Кара-Суу шаарында

Бакиев көчөсү (багыттама – К. Жакыпов атындагы мектеп-интернаты).

_________________________________________________________________________

Товарларды маркалоо боюнча кошумча маалыматты «Текшер» системасынын https://main.teksher.kg расмий сайтынан, ошондой эле акысыз 116 номерине 0 999 333 999 номерине чалуу аркылуу Салык кызматынын маалымат борборунан алууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу