Карызын төлөгөн 5 миңден ашык субъектиге карата 257 млн сомдук туум жана санкция эсептен чыгарылды – МСК

Карызын төлөгөн 5 миңден ашык субъектиге карата 257 млн сомдук туум жана санкция эсептен чыгарылды – МСК

КРнын Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын август айынан 2021-жылдын 24-майына чейин салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызын төлөгөн 5 миң 749 субъектиге карата 256,7 млн сом туум жана санкцияны эсептен чыгарды. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирет.

Салык карызынын негизги суммасын жойгон 4 миң 246 салык төлөөчүгө карата 187,6 млн сом суммасындагы туум, санкция жана айып пулдары эсептен чыгарылды. Алардын ичинен туумдар 159,6 млн сомду, салык санкциялары – 28 млн сомду түзгөн. Мында субъекттер бюджетке 312,6 млн сом салык карызынын негизги суммасын төлөшкөн.

Ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын негизги суммасын төлөгөн 1 миң 503 субъектиге 69,0 млн сом суммасындагы туум, санкция жана айып пулдары эсептен чыгарылды. Бюджетке 148,7 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасы төлөндү.

Салык төлөөчүлөр салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү үчүн катталган жери боюнча салык органына кайрыла алышат.

Эскерте кетсек, «Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык, төлөөчүлөр карыздын негизги суммасын төлөп, эсептелген туум, санкция жана айып пулдарды эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгүн пайдалана алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу