Кыргызстанда автоунааларды жеңилдетилген түрдө кайра каттоо башталат

Кыргызстанда автоунааларды жеңилдетилген түрдө кайра каттоо башталат

Кыргызстанда 1-июндан баштап салыктын нөлдүк ставкасы менен автоунааларды кайра каттоо боюнча улуттук кампания башталат. Акция учурунда, автоунаанын чыгарылган жылына жана кыймылдаткычынын көлөмүнө карабастан, кайра каттоонун баасы 1360 сомду түзөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) басма сөз кызматы билдирди.

Акциянын алкагында жаңы автоунаа сатып алган же эски унааларын кайра каттоодон өткөрүүнү каалаган жарандар жана юридикалык жактар ​​автоунаанын орточо базар баасынан 0,3% өлчөмүндө төлөмдү төлөшпөйт.

МКК белгилегендей, сатуучунун жана сатып алуучунун каалоосу боюнча, автоунааны кайра каттап жатып, аймакты жана мамлекеттик каттоо белгисин өзгөртпөй калтырса болот. Ошондой эле, ээсинин каалоосу боюнча, автоунааны каттоодон чыгарганда, мамлекеттик номурду «Унаа» мамлекеттик мекемесинде сактап (бир айдын ичинде) жана жаңы сатылып алынган унаага орнотсо болот.

Эгер жаңы номер сатып албасаңыз, унааны кайра чыгаруунун баасы 460 сомго чейин төмөндөйт.

Өкмөт бардык унаа ээлерин мүмкүнчүлүктү колдонуп, унааларды жеңилдетилген каттоодон өткөрүүнү суранат. Аз суммадагы кайра каттоо 31-декабрга чейин созулмакчы.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп Айваз Оморканов дайындалды

Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп Айваз Оморканов дайындалды

Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп Айваз Оморканов дайындалды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул орунга волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев, футбол федерациясынын биринчи вице-президенти Нурдин Букуев талапкерлигин койгон. Бирок, шайлоо күнү талапкерлердин тизмесинде жалгыз Айваз Оморканов болгон. 29 жаштагы Оморканов 2020-2021-жылдан бери Эл аралык хоккей

Кытайдын ири курулуш компаниясы Кыргызстандагы долбоорлорго кызыгууда

Кытайдын ири курулуш компаниясы Кыргызстандагы долбоорлорго кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдын China Construction Third Engineering Bureau компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Жолугушууда тараптар инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргызстанда биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Равшанбек Сабиров Кыргызстан Кытай Эл Республикасы менен стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого өзгөчө маани

Энергетика министринин орун басары болуп Салават Садыракунов дайындалды

Энергетика министринин орун басары болуп Салават Садыракунов дайындалды

Садыракунов Салават Садырович Энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Садыракунов Салават Садырович Энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Касымалиев кол койду.  Эске салсак, жаңы дайындалган

Темирлан Айтиев мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды

Темирлан Айтиев мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды

Жогорку Кеңештин депутаты Темирлан Айтиев мандатын тапшыруу боюнча БШКга кайрылды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Темирлан Айтиев №20 шайлоо округунан 9021 добуш алып депутатыкка шайланган. Буга чейин бир катар депутаттар мандатын тапшырган. Мандатын тапшырган депутаттардын тизмеси: Элдар Сулайманов Кундузбек Сулайманов Куванычбек Конгантиев Курманкул Зулушев Шайырбек Ташиев Нурланбек Азыгалиев Гүлсүнкан Жунушалиева Абдылдабек