«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту Россиянын 7 шаарына чартердик каттамдарды тейлөөдө

«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту Россиянын 7 шаарына чартердик каттамдарды тейлөөдө

Учурда «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту РФнын 7 шаарына – Москва, Санкт-Петербург, Минеральные Воды, Ростов-на-Дону, Уфа, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларына чартердик каттамдарды тейлөөдө.

Каттамдардын убактысы:

Москва:

  • Москва-Тамчы-Москва багыты боюнча каттамды жумасына бир жолу (дүйшөмбү күндөрү) «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы аткарууда. Учуп келүү – 06:45, учуп кетүү – 07:45.
  • Ошондой эле, «Сибирь» авиакомпаниясы Москва-Тамчы- Москва багыты боюнча жумасына бир жолу (шейшемби күндөрү) учууларды аткарууда. Учуп келүү – 08:35, учуп кетүү – 09:35.

Санкт-Петербург:

  • Санкт-Петербург-Тамчы-Санкт-Петербург багыты боюнча каттамды жумасына бир жолу (шейшемби күндөрү) Nordwind Airlines авиакомпаниясы аткарууда. Учуп келүү – 22:30, учуп кетүү – 00:05.

Минеральные Воды:

  • Минеральные Воды-Тамчы-Минеральные Воды багыты боюнча каттамды жумасына бир жолу (шейшемби күндөрү) «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы аткарууда. Учуп келүү – 02:50, учуп кетүү – 03:50.

Ростов-на-Дону:

  • Ростов-на-Дону-Тамчы-Ростов-на-Дону багыты боюнча каттамды жумасына бир жолу (жума күндөрү) «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы аткарууда. Учуп келүү – 03:50, учуп кетүү – 04:50.
  • Ошондой эле, Nordwind Airlines авиакомпаниясы Ростов-на-Дону-Тамчы-Ростов-на-Дону багыты боюнча жумасына бир жолу (дүйшөмбү күндөрү) учууларды аткарууда. Учуп келүү – 09:30, учуп кетүү – 11:00.

Уфа:

  • Уфа-Тамчы-Уфа багыты боюнча каттамды жумасына бир жолу (жума күндөрү) «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы аткарууда. Учуп келүү – 14:50, учуп кетүү – 15:50.

Екатеринбург:

  • Екатеринбург-Тамчы-Екатеринбург багыты боюнча учууну «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы жумасына бир жолу (ишемби күндөрү) аткарууда. Учуп келүү – 04:20, учуп кетүү – 05:20.

Новосибирск:

  • Новосибирск-Тамчы-Новосибирск багыты боюнча каттамды жумасына бир жолу (жекшемби күндөрү) «Сибирь» авиакомпаниясы аткарууда. Учуп келүү – 08:40, учуп кетүү – 09:40.

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу