Баткендин Максат айылында үйлөрдүн курулушу башталды

Баткендин Максат айылында үйлөрдүн курулушу башталды

Баткендеги кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларда жабыркаган Лейлек районунун Максат айылында жаңы үйлөрдүн жана билим берүүчү жайлардын курулушу башталды. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-майда, Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында курулуштун жүрүшү менен таанышып, жаңы мектептин пайдубалына капсула салды.

Мамлекет башчысы талкаланган объектилерди, анын ичинде өрттөлүп кеткен мектепти көрүп, ошондой эле турак-жай имараттарынын жана билим берүү объектилеринин курулушу, атап айтканда, 100 орунга эсептелген 2 кабаттуу жаңы бала бакчанын долбоору менен таанышты.

Президент ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алар менен баарлашууда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери жөнүндө кеңири айтып берди.

Мамлекет башчысы Баткен облусуна мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп келе жаткандыгын жана мындан ары дагы көңүл буруларын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Баткен эли менен жолугушууда

Ошондой эле президент Лейлек районундагы Борбордук айылында мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салды. Долбоорго ылайык, 2 кабаттуу мектептин имараты 225 окуучуга ылайыкталган.

Андан сырткары, өлкө башчы Лейлек районундагы «Жаңы-Жер» чек ара тозотунда болду. Аскер кызматкерлери менен жолугушууда өлкөнүн чек арачылары менен укук коргоо органдарынын даярдыгынын, бийик моралдык духунун жана баатырдык аракеттеринин аркасында өлкөнүн аймактык бүтүндүгү сакталып калгандыгын белгиледи.

Президент жакынкы мезгилде Баткен облусуна аймактык социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү максатында өзгөчө статус берилерин баса белгиледи. Бул статустун алкагында облуска бир катар жеңилдиктер берилет, анын ичинде салыктык жана инвестициялык өзгөчө режим киргизүү пландаштырылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу