Энергетикалык компаниялардын чыгымдары дээрлик 2 млрд сомго кыскарды

Энергетикалык компаниялардын чыгымдары дээрлик 2 млрд сомго кыскарды

Каражаттардын тартыштыгын азайтуу максатында, энергетикалык компаниялардын чыгымдары 1,7 млрд сомго кыскартылды. Бул тууралуу 26-майда «Улуттук энергетикалык холдингдин» басма сөз кызматы билдирди.

Төмөндөгү аты аталган компаниялардын бюджеттери кыскартылды:

  • «Электр станциялары» ААК — 898.8 млн сом
  • «Чакан ГЭС» ААК — 10.2 млн сом
  • «НЭС Кыргызстана» ААК — 142.7 млн сом
  • «Түндүкэлектро» ААК — 477.6 млн сом
  • «Чыгышэлектро» ААК — 49.5 млн сом
  • «Ошэлектро» ААК — 81.3 млн сом
  • «Жалалабатэлектро» ААК — 40.7 млн сом
  • «Бишкетеплосеть» ААК — 21.8 млн сом

Мындан тышкары, «Улуттук энергетикалык холдингде» директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн саны бир адамга кыскарды. Кеңешчи жана холдингдин алты кызматкери жумуштан кетирилип, жаңы уюштуруу түзүмү бекитилди.

Ошондой эле тогуз энергетикалык компаниянын жетөөсүндө башкы дирекциянын мүчөлөрүнүн саны төрт адамдан үч кишиге чейин кыскарып, кеңешчи жана ички аудит кызматтары жоюлду деп белгиледи холдингдин басма сөз кызматы.

Ошол эле учурда, ички аудит кызматтарынын жоюлушуна байланыштуу, туунду компаниялардын каржылык-чарбалык ишин натыйжалуу контролдоо максатында, текшерүү комиссиясынын иши күчөтүлмөкчү.

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу