Кыргызстандын эң ири энергетикалык компаниялары донорлорго 1,3 млрд доллар карыз

Өлкөдөгү эң ири энергетикалык компания деп эсептелген «Бишкектеплосеть», «Түндүкэлектро», «Ошэлектро», «Электр станциялары» жана «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКдору донорлорго 1,3 млрд доллардан ашык карыз. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирет.

Эң көп эл аралык каржы институттарына «КУЭТ» ААК карыз. «Кыргызстандын улуттук электр тармактарынын» 2020-жылдын 31-декабрына карата карызы 787.6 млн долларды түзгөн. Андан кийин эле 457.9 млн доллар карызы менен «Электр тармактары» турат.

 «Түндүкэлектронун» кредити 41.9 млн доллар болсо, «Бишкектеплосеть» ишканасынын карызы 8.2 млн долларды, «Ошэлектронуку» 6.3 млн долларды түзөт.

Кыргызстандын энергетикалык компанияларына мындай ири карыздарды Кытайдын Экспорттук-импорттук Банкы берген. Жалпысынан ал 986,5 млн доллар бөлгөн.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Малайзияда темир жол тармагында тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды

Бишкекте аянты 12 000 чарчы метрди түзгөн спорт академиясы курулууда

Кыргызстан менен АКШнын кызматташуу маселелери сүйлөшүлдү

Ошто 2150 түп павловния көчөтү отургузулду

Бишкекте таштанды чыгаруу акциясында 198 тонна таштанды чыгарылды