Тимур Файзиев 2020-жылдын август айында эле Elite House курулуш компаниясынын директорлук кызматынан кеткен

Тимур Файзиев 2020-жылдын август айында эле Elite House курулуш компаниясынын директорлук кызматынан кеткен

Тимур Файзиев Elite House компаниясынын башкы директорлук кызматынан 2020-жылдын август айында эле кеткен жана коррупцияга катыштыгы бар деген шек менен ага коюлган айыптар боюнча компания эч кандай комментарий бере албайт. Мындай маалымат Тимур Файзиевге коюлган айыптан кийин курулуш компаниясы жарыялаган билдирүүдө айтылды.

«Тимур Файзиев боюнча компетенттүү органдар гана комментарий бере алат», – деп айтылат «Элит Хаус» курулуш компаниясынын билдирүүсүндө.

Elite House компаниясы өзү кадимки режимде иштеп жатат, курулуш иштери графикке ылайык жүрүүдө. «Компаниянын үлүш ээлери жана өнөктөштөрү алдындагы бардык милдеттенмелер өз убагында аткарылат», – деп билдиришти компаниядан.

Эскерте кетсек, Elite House курулуш компаниясынын мурдагы директору, Кыргызстандын бизнес жамаатынын биргелешкен негиздөөчүсү, өзүн коомдук ишмер, бизнес өкүл ата деп тааныштырып келген медиа инсан Тимур Файзиев коррупцияга катыштыгы бар деген айып менен шектелүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу