Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Президентти жана депутаттарды шайлоо боюнча оңдоолор киргизилген долбоор парламентте каралат

Назира Абдиева

Президентти жана депутаттарды шайлоо боюнча түзөтүүлөр киргизилген долбоор жакында ЖКнын кароосуна коюлат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын Аппараты белгилегендей, жаңы Конституцияда парламентти түзүүнүн башка жол-жобосу каралган, ага ылайык, шайлоо жөнүндө тиешелүү мыйзамды иштеп чыгуу жана кабыл алуу талап кылынат, анын негизинде ЖКнын депутаттарын шайлоо өткөрүлүшү мүмкүн.

Жаңы Конституциянын 76-беренесине ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан (ал эми эски Конституция боюнча 120 депутат) турат. 

Депутаттарды шайлоо жөнүндө мыйзам долбооруна ылайык, ЖК саясий партиялардын тизмеси боюнча (55 мандат) жана бир мандаттуу округдардан (35 мандат) түзүлөт деп болжолдонууда.

Ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан «КРнын Президентин жана ЖКнын депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзамдын долбоору иштелип чыккан. Аталган долбоор коомдук талкуу жол-жобосунан өтүүсү үчүн  2021-жылдын 29-майында Президенттин сайтына жайгаштырылган.

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы жана күчүнө кириши жаңы Конституция боюнча ЖКнын депутаттарын шайлоону дайындоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости