"Чатыр-Көл" театрынын ордуна маданий борбор курулат

"Чатыр-Көл" театрынын ордуна маданий борбор курулат

Бишкек шаарында жаңы көп функционалдуу маданий борбордун курулушуна капсула салынганын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин бул жерде "Чатыр-Көл" аттуу эски кинотеатр жайгашкан. 2009-жылдан тартып имарат мамлекеттик "Учур" жаштар театрынын имараты катары пайдаланылып келген. 2025-жылы өрттөн кийин имарат авариялык абалда деп табылып, быйыл толугу менен бузулган.

Андан соң объект Бишкек мэриясынын балансына өткөрүлүп, заманбап маданий борборду курууга каржылоо бөлүнгөн.

Маданият министри Мирбек Мамбеталиев жаңы борбор театралдык коюулар, концерттер, кино көрсөтүүлөр, жаштар демилгелери жана билим берүү программалары үчүн маанилүү аянтча болоруна ишеним билдирди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Кызыктуу

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген