Иран Ормуз кысыгынан мунай ташуучу кемелерди өткөрбөй турганын билдирди

Иран Ормуз кысыгынан мунай ташуучу кемелерди өткөрбөй турганын билдирди

Кеңешчи, генерал-майор Ибрагим Джаббари, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун атынан чыгып сүйлөп, Ормуз кысыгы кеме жүрүшү үчүн жабылганын жана андан өтүүгө аракет кылган кемелер өрттөлөрүн билдиргенин Al Jazeera маалымдады.

Анын айтымында, мунайдын баасы 81 долларга жетип, дүйнө жүзү ал баа кеминде 200 долларга чейин өсөт деп күтүп жатат. Джаббари мамлекеттик телеканал аркылуу сүйлөп жатып, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун, деңиз күчтөрүнүн жана армиянын бөлүктөрү кысыктан өтүүгө аракет кылган ар бир кемеге сокку урарын айткан.

Ошондой эле ал аймактагы мунай түтүк өткөргүчтөрүнө да сокку уруларын жана "каршылаш тарапка басым жасалмайынча" бул аймактан мунай экспорттоого жол берилбей турганын билдирген. Анын сөзүнө караганда, америкалыктардын ири тышкы карыздары бар жана алар бул аймактагы мунайга муктаж, бирок "бир тамчы да ала алышпайт".

Ормуз кысыгы — Перс булуңундагы өлкөлөр үчүн мунай экспорттоонун негизги деңиз жолу. Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан кийин ирандык ЖМКлар кемелерге кысыктын жабылганы тууралуу билдирүүлөр жөнөтүлгөнүн жазышкан. Reuters агенттиги кеминде 150 танкер ачык деңизде якорь таштап токтоп турганын кабарлаган.

Ошол эле учурда, Аббас Аракчи 2-мартта Тегеран кысыкты жабууну пландабаганын билдирген.


Бул кысык аркылуу дүйнөдөгү чийки мунайдын бештен бир бөлүгү өтөт. Анын жабылышы “кара алтындын” кымбатташына алып келиши мүмкүн. Ормуз кысыгы аймактагы өлкөлөр үчүн аскердик коопсуздук жагынан да стратегиялык мааниге ээ. New York Times гезити жазгандай, Иран кысыкты бууп, Перс булуңундагы АКШнын деңиз флотунун бардык кемелеринин мүмкүнчүлүктөрүнө тоскоол болушу мүмкүн

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат

Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Ал белгилегендей, мамлекет башчысынын сапары бүгүн башталып, эки күнгө созулат. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Баткен облусунун жергиликтүү тургундары менен жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын модернизацияланган объектилери менен

Ишкер Media
Бишкектин айрым аймактарында 13-октябрда суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 13-октябрда суу убактылуу өчүрүлөт

13-октябрда саат 09:00дөн 00:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, суу турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо объектилерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине берилбейт. Суу өчүрүлө турган аймактар: • Алыкулов – Костанай – Муром – Садыгалиев – Лев Толстой

Ишкер Media
Электр энергиясына болгон муктаждык камсыздалат

Электр энергиясына болгон муктаждык камсыздалат

Кече Кара-Көл шаарында энергетика министри Алтынбек Рысбеков “Электр станциялар” ачык акционердик коомунда кеңешме өткөрдү. Ага компаниянын башкы дирекциясынын өкүлдөрү, филиалдардын директорлору жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты. Кеңешменин жүрүшүндө “Электр станциялар” ААКсынын башкы директору Улугбек Мамыралиев компаниянын ишмердүүлүгү, негизги өндүрүштүк көрсөткүчтөр, энергетикалык жабдуулардын учурдагы абалы, оңдоо иштеринин жүрүшү жана 2026–

Ишкер Media
Кочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөт

Кочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөт

10-октябрда Кочкор темир жол бекетинде алгачкы жолу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын вагондоруна көмүр жүктөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, жүктөлгөн көмүр Бишкек шаарынын ЖЭБине жөнөтүлөт. Жүктөө иштери Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылындагы көмүр аянтчасында жүрүүдө. Ташуу үчүн жалпы сыйымдуулугу 1 000 тонна болгон

Ишкер Media