Түштүк аймактардагы мектепке чейинки билим берүү уюмдар үчүн бизнес окутуулар башталды

Түштүк аймактардагы мектепке чейинки билим берүү уюмдар үчүн бизнес окутуулар башталды

Ош шаарында, Accelerate Prosperity жана борборунун мэриясынын колдоосу менен, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын  балдарды эрте өнүктүрүү секторунун ишкерлери үчүн, бизнес-акселераторун ачылышын өткөрдү.

120дан ашуун арыздардын ичинен 30 компания тандалып алынды, алар акысыз окутуудан өтүшөт, алар мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүү жаатында мамлекеттик стандарттарды, ошондой эле улуттук жана эл аралык билим берүү программаларын үйрөнүүнү камтыйт.

Мындан тышкары, бардык катышуучулар бизнес-процесстерди башкаруу, маркетинг жана каржылык моделдөө боюнча терең билим алышат, ошондой эле кесипкөй бизнес-консультанттар (бизнес-трекерлер) жана эл аралык эксперттер менен жеке сессияларды өтүшөт.

Акселерация программасынын биринчи күнүндө Accelerate Prosperity командасы катышуучуларды окутуу программасы менен тааныштырып жана трекерлер (бизнес-планды ишке ашыруу үчүн кесипкөй бизнес консультанттар) менен  иштөө боюнча айтып берди. Ар бир катышуучу уюштуруучуларга жана ишкерлерге өз долбоорлору жөнүндө кыскача презентацияны сунуштоого мүмкүнчүлүк алышты.

«Акселератордун биринчи күнү абдан сонун өттү деп ойлойм. Менин өнүгүүмдүн мындан аркы жолуна шыктандым. Албетте, бизнес долбоорумду ийгиликтүү сунуштап, инвестиция алсам дейм. Менин аракетиме ишенем. Өзгөчө маркетинг жаатында, ошондой эле мектепке чейинки билим берүү жаатында билимимди кеңейтким келет”, – деп акселератордун катышуучусу жана Ош шаарындагы “Азбука Детства” бала бакчасынын директору Джолдошбаева Айжан өзүнүн таасирлери менен бөлүштү.

«Биз түштүк аймактарда ишке ашырылып жаткан жана социалдык ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө, өзгөчө балдарды эрте өнүктүрүүгө багытталган Accelerate Prosperity бизнес-акселераторун колдоого алгандыгыбызга абдан кубандык. Ош шаардык мэриясы мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө чакан жана орто бизнести колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган мындай долбоорлорду колдоого каалоосун жана даярдыгын билдирет”, – деди Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов.

7 жумалык тездетүү программасы демо күн менен аяктайт, анда катышуучулар инвестициялык комитетке жана потенциалдуу инвесторлорго өз бизнес пландарын тааныштырышат. Инвестициялык комитет тарабынан жеңүүчү деп тандалган компаниялар Accelerate Prosperity тарабынан 50 000 долларга чейин инвестиция жана техникалык колдоо ала алышат.


Accelerate Prosperity (АР) бизнес-акселератору АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү Агенттиги (USAID) жана Ага Хан Фонду тарабынан каржыланган “Жергиликтүү өзгөрүү” долбоорунун алкагында уюштурулган.

USAID жана Ага Хан Фонду “Жергиликтүү өзгөрүү” долбоору тармактардагы жана бир нече өлкөлөрдөгү аялуу жамааттардын арасындагы негизги көйгөйлөргө жаңы, инновациялык чечимдерди табууга умтулат.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 738 миң сом алимент өндүрүлдү

Таласта 738 миң сом алимент өндүрүлдү

Талас облусунда алимент боюнча 738 миң сомдон ашуун карыз өндүрүлгөнүн Сот аткаруу кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Сот аткаруучулар кызматынын Айтматов райондук бөлүмүндө Б.С. аттуу карызкорго карата аткаруу өндүрүшү жүрүп жаткан. Ал Н.К.нын пайдасына жашы жете элек балдарды багууга кирешесинин 50%ы өлчөмүндө алимент төлөөгө милдеттендирилген. Мажбурлап аткаруу

Кыргызстанда мунай заттарынын кору жетиштүү

Кыргызстанда мунай заттарынын кору жетиштүү

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы туруктуу, мунай заттын кору жетиштүү көлөмдө бар экенин Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов "Кабар" агенттигине билдирди. Анын айтымында, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга карабастан, учурда Кыргызстанда мунай продуктуларынын баасында өзгөрүүлөр болгон жок. Бирок, эгер бул чыңалуу дагы узакка созула турган болсо, дүйнөлүк рыноктогу баалардын өзгөрүшү

Иран Ормуз кысыгынан мунай ташуучу кемелерди өткөрбөй турганын билдирди

Иран Ормуз кысыгынан мунай ташуучу кемелерди өткөрбөй турганын билдирди

Кеңешчи, генерал-майор Ибрагим Джаббари, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун атынан чыгып сүйлөп, Ормуз кысыгы кеме жүрүшү үчүн жабылганын жана андан өтүүгө аракет кылган кемелер өрттөлөрүн билдиргенин Al Jazeera маалымдады. Анын айтымында, мунайдын баасы 81 долларга жетип, дүйнө жүзү ал баа кеминде 200 долларга чейин өсөт деп күтүп жатат. Джаббари мамлекеттик телеканал

"Чатыр-Көл" театрынын ордуна маданий борбор курулат

"Чатыр-Көл" театрынын ордуна маданий борбор курулат

Бишкек шаарында жаңы көп функционалдуу маданий борбордун курулушуна капсула салынганын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин бул жерде "Чатыр-Көл" аттуу эски кинотеатр жайгашкан. 2009-жылдан тартып имарат мамлекеттик "Учур" жаштар театрынын имараты катары пайдаланылып келген. 2025-жылы өрттөн кийин имарат