ЕБ Баткендеги жабыр тарткан үй-бүлөлөргө 170 миң евро берет

ЕБ Баткендеги жабыр тарткан үй-бүлөлөргө 170 миң евро берет

Европа Биримдиги апрель айынын аягында Баткен аймагында болгон куралдуу жаңжалда жабыр тарткандарга гуманитардык жардам иретинде 170 миң евро бөлдү (17,5 млн сомго жакын). Бул тууралуу ЕБнин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Лейлек районун кошкондо, Баткен облусунун эң көп жабыркаган аймактарында кеминде 6 миң адамга жардам көрсөтүлөт.

ЕБ маалымдагандай, бөлүнгөн каражат Кыргызстандагы Кызыл Жарым Ай Коому аркылуу даректерге материалдык жардам түрүндө бөлүштүрүлөт жана бул жардам жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн чукул муктаждыктарын камсыз кылат. Ошондой эле, жабыркагандарга психологиялык колдоо көрсөтүлүп, авариялык турак-жай үчүн материалдар, аптечкалар, гигиена каражаттары жана үй буюмдары сыяктуу керектүү нерселер берилет.

Бул каражат ЕБтин Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай Коомдорунун Федерациясынын (IFRC) табигый кырсыктардан жапа чеккендерге жардам берүү фондусуна (DREF) кошкон жалпы салымынын алкагында бөлүнүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 738 миң сом алимент өндүрүлдү

Таласта 738 миң сом алимент өндүрүлдү

Талас облусунда алимент боюнча 738 миң сомдон ашуун карыз өндүрүлгөнүн Сот аткаруу кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Сот аткаруучулар кызматынын Айтматов райондук бөлүмүндө Б.С. аттуу карызкорго карата аткаруу өндүрүшү жүрүп жаткан. Ал Н.К.нын пайдасына жашы жете элек балдарды багууга кирешесинин 50%ы өлчөмүндө алимент төлөөгө милдеттендирилген. Мажбурлап аткаруу

Кыргызстанда мунай заттарынын кору жетиштүү

Кыргызстанда мунай заттарынын кору жетиштүү

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы туруктуу, мунай заттын кору жетиштүү көлөмдө бар экенин Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов "Кабар" агенттигине билдирди. Анын айтымында, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга карабастан, учурда Кыргызстанда мунай продуктуларынын баасында өзгөрүүлөр болгон жок. Бирок, эгер бул чыңалуу дагы узакка созула турган болсо, дүйнөлүк рыноктогу баалардын өзгөрүшү

Иран Ормуз кысыгынан мунай ташуучу кемелерди өткөрбөй турганын билдирди

Иран Ормуз кысыгынан мунай ташуучу кемелерди өткөрбөй турганын билдирди

Кеңешчи, генерал-майор Ибрагим Джаббари, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун атынан чыгып сүйлөп, Ормуз кысыгы кеме жүрүшү үчүн жабылганын жана андан өтүүгө аракет кылган кемелер өрттөлөрүн билдиргенин Al Jazeera маалымдады. Анын айтымында, мунайдын баасы 81 долларга жетип, дүйнө жүзү ал баа кеминде 200 долларга чейин өсөт деп күтүп жатат. Джаббари мамлекеттик телеканал

"Чатыр-Көл" театрынын ордуна маданий борбор курулат

"Чатыр-Көл" театрынын ордуна маданий борбор курулат

Бишкек шаарында жаңы көп функционалдуу маданий борбордун курулушуна капсула салынганын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин бул жерде "Чатыр-Көл" аттуу эски кинотеатр жайгашкан. 2009-жылдан тартып имарат мамлекеттик "Учур" жаштар театрынын имараты катары пайдаланылып келген. 2025-жылы өрттөн кийин имарат