Бишкекте маршруттук таксилерге альтернатива катары – шаттлдар ишке кирди

Бишкекте маршруттук таксилерге альтернатива катары – шаттлдар ишке кирди

Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочуларынын масштабдуу иш таштоосунан кийин Yandex Go кызматы аларга альтернатива катарында ар бир 15 мүнөт сайын белгилүү маршрут боюнча жүргөн шатллдарды ишке киргизди. Жол киренин баасы – 20 сомду түзөт.

«Шаттл – бул ыңгайлуу микроавтобус, анда тиркеме аркылуу бир орунду алдын ала брондоого болот» – дейт «Яндекс» кызматы.

Чүй проспектиси – Абдрахманов/ Байтик Баатыр (мурдагы Совет көчөсү) – Ахунбаев – Чыңгыз Айтматов /Манас проспектиси боюнча шаттлдар бир айланма маршрут менен ар бир 15 мүнөттө өтүшөт.

Шатллдар эртең мененки саат 8:00дөн кечки 20:00гө чейин иштешип, түшүү жана чыгуу аялдамадан жүргүзүлөт. Ошондой эле жол кирени айдоочуга төлөө накталай берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Ош облусунда ишкерлердин укуктарын коргоо маселеси талкууланды

Ош облусунда ишкерлердин укуктарын коргоо маселеси талкууланды

Ош облусунун прокуратура органдары укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана банк мекемелеринин жетекчилеринин катышуусунда ишкерлер менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Жолугушууларда ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоо маселеси талкууланып, бизнеске мыйзамсыз кийлигишүүгө жол берилбей турганы белгиленди. Мыйзам бузуу фактылары аныкталган учурда тиешелүү

Бишкек мэриясы: Бала бакчада төлөм жеке эсепке гана жүргүзүлөт

Бишкек мэриясы: Бала бакчада төлөм жеке эсепке гана жүргүзүлөт

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамак-аш үчүн төлөм жүргүзүүнүн тартиби тууралуу маалымдайт. Маалыматка ылайык, ар бир балага жеке эсеп ачылат. Райондук билим берүү башкармалыктары катышуу табелинин негизинде ай сайын ар бир бала үчүн өзүнчө төлөм эсебин түзүшөт. Жеке эсептин реквизиттери жана төлөнүүчү сумма тууралуу маалымат ата-энелерге

Чүй агроөнөр жай аймагында агын сууларды тазалоо комплекси курулат

Чүй агроөнөр жай аймагында агын сууларды тазалоо комплекси курулат

Чүй агроөнөр жай аймагында агын сууларды тазалоочу комплексин куруу боюнча келишимге кол коюлду. Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №1057-Т тескемесинин негизинде ишке ашырылат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Комплекс агын сууларды заманбап ыкмада тазалап, айлана-чөйрөгө болгон жүктү азайтат. Ошондой эле эт, тери, желатин

"Манас" эл аралык аэропортунда 5 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулуп жатат

"Манас" эл аралык аэропортунда 5 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулуп жатат

"Манас" эл аралык аэропортунда көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайдын курулушу уланып жатканын "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидинов социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, бул аэропортту реконструкциялоо боюнча жалпы стратегиянын маанилүү бөлүгү болуп саналат. "Биз жүргүнчүлөр үчүн заманбап жана ыңгайлуу инфраструктура түзүп жатабыз. Унаа