Бишкек мэриясы: Бала бакчада төлөм жеке эсепке гана жүргүзүлөт

Бишкек мэриясы: Бала бакчада төлөм жеке эсепке гана жүргүзүлөт

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамак-аш үчүн төлөм жүргүзүүнүн тартиби тууралуу маалымдайт.

Маалыматка ылайык, ар бир балага жеке эсеп ачылат. Райондук билим берүү башкармалыктары катышуу табелинин негизинде ай сайын ар бир бала үчүн өзүнчө төлөм эсебин түзүшөт. Жеке эсептин реквизиттери жана төлөнүүчү сумма тууралуу маалымат ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөргө) бала бакчанын администрациясы тарабынан берилет.

Тамак-аш үчүн төлөм баланын жеке эсебине гана жүргүзүлүшү керек. Төлөмдөрдү банк мекемелери, почта бөлүмдөрү же электрондук төлөм системалары (MegaPay, MBank, О!Деньги жана башка жеткиликтүү сервистер) аркылуу төлөөгө болот.

Белгилей кетсек, билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин жеке эсептерине акча которууга, ошондой эле белгиленген өлчөмдөн ашык сумма төлөөгө жол берилбейт. Накталай акча берүү да тыюу салынат.

Эсептөө же төлөм боюнча суроолор жаралса, райондук билим берүү башкармалыктарына кайрылуу сунушталат, - деп айтылат маалыматта.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ошто "акылдуу" аялдамаларды куруу боюнча аукцион жарыялады

Кыргызстан менен Сейшел аралдарынын ортосунда визасыз режим киргизилет

Өлкөдө бир жумада 21 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды

Котловандан батирлерин жарнамалаган компаниянын иши токтотулду

Соң-Көлдөн 500 метр синтетикалык тор чыгарылды