Кыргызстан Түркияга Кытай рынокторуна эркин чыгуу үчүн «терезе» болуп берүүгө даяр – президент

Кыргызстан Түркияга Кытай рынокторуна эркин чыгуу үчүн «терезе» болуп берүүгө даяр – президент

Садыр Жапаров бүгүн, 10-июнда, Анкара шаарында Түркиянын Соода палаталары жана товардык биржалары бирлигинде бизнес коомчулуктун алдында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан Түркияга инвестициялык потенциалы чоң — ЕврАзЭС өлкөлөрүнө, Кытай рынокторуна эркин чыгуу үчүн «терезе» болуп берүүгө даяр экендигин баса белгиледи. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

«Экономикалык кызматташууну кеңейтүүнү биздин ишибиздин башкы артыкчылыгы катары карайм. Кыргызстанда түрк инвесторлору көп, биз алар үчүн ар дайым ачыкпыз жана жаңы ишкерлерди кабыл алууга дайым даярбыз. Кыргыз тарап ак ниет  инвесторлордун демилгелерин толугу менен колдойбуз жана аларга максималдуу жардам берип келебиз.  Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө түрк компанияларынын инвестицияларын, алдыңкы технологияларын жана менеджментин тартууга кызыкдарбыз», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров белгилегендей, 2021-жылдын 11-апрелинде жаңы Конституция кабыл алынды. Мында мамлекет тараптан инвесторлорго шарт түзүп берүү жана аларды коргоо боюнча атайын берене камтылган. Андан соң Инвестициялар министрлиги түзүлдү. Жаңы министрлик потенциалдуу инвесторлор үчүн «бирдиктүү терезе» принцибинин алкагында кызмат көрсөтүп, жеңилдиктерди камсыз кылат.

Мамлекет башчысынын айтымында, мындан ары Кыргызстандын министрлери өздөрү инвесторлордун артынан түшөт. Инвесторлор — кайсы гана өлкө болбосун, ал өлкөнүн экономикасы үчүн кыймылдаткыч күч болуп саналат жана муну баары түшүнүп, бул принципти сакташы керек.

Мындан тышкары, Кыргызстан инвестициялык потенциалы чоң — ЕврАзЭС өлкөлөрүнө, Кытай рынокторуна эркин чыгуу үчүн «терезе» болуп берүүгө даяр. Ошондой эле Садыр Жапаров түрк компаниялары биздин өлкөнүн потенциалын пайдаланып, аталган рынокторду эркин өздөштүрө аларына ишенээрин билдирди.  

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Гонконг салык боюнча макулдашууга кол коюшту

Кыргызстан менен Гонконг салык боюнча макулдашууга кол коюшту

Кечээ Экономика жана коммерция министрлигинде онлайн-форматта Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын Гонконг атайын административдик районунун ортосунда кирешеге жана капиталга салыктар боюнча кош салык салууну болтурбоо жана салыктан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти. Макулдашуунун негизги максаты — эки өлкөдө иш жүргүзгөн чарба субъекттеринин кирешелерине

Ош облусунда ишкерлердин укуктарын коргоо маселеси талкууланды

Ош облусунда ишкерлердин укуктарын коргоо маселеси талкууланды

Ош облусунун прокуратура органдары укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана банк мекемелеринин жетекчилеринин катышуусунда ишкерлер менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Жолугушууларда ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоо маселеси талкууланып, бизнеске мыйзамсыз кийлигишүүгө жол берилбей турганы белгиленди. Мыйзам бузуу фактылары аныкталган учурда тиешелүү

Бишкек мэриясы: Бала бакчада төлөм жеке эсепке гана жүргүзүлөт

Бишкек мэриясы: Бала бакчада төлөм жеке эсепке гана жүргүзүлөт

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамак-аш үчүн төлөм жүргүзүүнүн тартиби тууралуу маалымдайт. Маалыматка ылайык, ар бир балага жеке эсеп ачылат. Райондук билим берүү башкармалыктары катышуу табелинин негизинде ай сайын ар бир бала үчүн өзүнчө төлөм эсебин түзүшөт. Жеке эсептин реквизиттери жана төлөнүүчү сумма тууралуу маалымат ата-энелерге

Чүй агроөнөр жай аймагында агын сууларды тазалоо комплекси курулат

Чүй агроөнөр жай аймагында агын сууларды тазалоо комплекси курулат

Чүй агроөнөр жай аймагында агын сууларды тазалоочу комплексин куруу боюнча келишимге кол коюлду. Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №1057-Т тескемесинин негизинде ишке ашырылат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Комплекс агын сууларды заманбап ыкмада тазалап, айлана-чөйрөгө болгон жүктү азайтат. Ошондой эле эт, тери, желатин