Кыргызстан менен Гонконг салык боюнча макулдашууга кол коюшту

Кыргызстан менен Гонконг салык боюнча макулдашууга кол коюшту

Кечээ Экономика жана коммерция министрлигинде онлайн-форматта Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын Гонконг атайын административдик районунун ортосунда кирешеге жана капиталга салыктар боюнча кош салык салууну болтурбоо жана салыктан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Макулдашуунун негизги максаты — эки өлкөдө иш жүргүзгөн чарба субъекттеринин кирешелерине кош салык салууну жоюу. Бул документ Кыргызстан менен Гонконгдун ортосундагы экономикалык кызматташууну кеңейтүүгө жана бизнес үчүн туруктуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Кош салык салуудан качуу боюнча макулдашуулар түз чет элдик инвестицияларды тартуунун маанилүү инструменттеринин бири болуп саналат.

Документ ошондой эле резиденттерди дискриминациялык салык салуудан коргоону, салыктан качуунун жана макулдашуунун жоболорун кыянат пайдалануунун алдын алууну, ошондой эле эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосунда маалымат алмашууну карайт.

Мындан тышкары окуңуз

"Рухтун жел кайыктары": Ысык-Көлдө эл аралык регата башталды

"Рухтун жел кайыктары": Ысык-Көлдө эл аралык регата башталды

Иш-чаранын активдүү катышуучуларынын арасында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана Россиядан келген ден соолугунан майыптыгы бар адамдар бар. 2026-жылдын 24-августунан 5-сентябрына чейин Кыргызстандын Ысык-Көлүндө "Рухтун жел кайыктары – 2026: Экстрабилити кыймылы. Улантууну тандайбыз" эл аралык инклюзивдик долбоорунун биринчи этабы өтүүдө. Долбоор "Росатом" мамлекеттик

Ак-Бууранын боюнда 15 гектарлык заманбап эс алуу багы ачылды

Ак-Бууранын боюнда 15 гектарлык заманбап эс алуу багы ачылды

Ош шаарындагы Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгында аянты 15 гектар болгон жаңы эс алуу багы ачылды. Ал жер гүлдөр жана жашыл бактар менен көрктөндүрүлүп, түнкү жарыктандыруулар орнотулгон. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, депутаттар жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышты. Марлен Маматалиев

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Индиянын IANS маалымат агенттигине маек берди. Улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, ал маекте өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес чөйрөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Мындан сырткары, Кыргызстандын өнүгүү келечеги тууралуу сөз болуп, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыкты

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Чүй облусунун Молдовановка айылында коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү, каттамдарды уюштуруу, жер маселеси жана социалдык көйгөйлөр көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жогорку Кенештин депутаты Максат Алымбеков Аламүдүн районундагы аталган аймакка иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен баарлашкан. Белгиленгендей, эл өкүлү маселелерди жеринен угуп, аларды тиешелүү мамлекеттик