Кыргызстан туристтердин кирүү алгоритмин бекитти
Кыргызстан туристтердин өлкөгө кирүү алгоритмин бекитти. Бул тууралуу туризм департаментинин маалымат кызматы билдирет.
Алгоритмдерге ылайык, өлкөгө келген туристтин жанында төмөнкүлөр болуш керек:
- ПЦР-тесттин терс натыйжалары, анын жыйынтыгы анализ алынгандан тартып, 72 саатка жарактуу
- же COVID-19га каршы вакцинанын алынгандыгын тастыктаган документ (кагаз же санарип форматында)
Беш жаштан ашкан балдардын коопсуздугу үчүн, ата-энелери жогоруда көрсөтүлгөн медициналык документтерди көрсөтүүгө милдеттүү экендигин ведомстводон билдиришти.
«Эмдөөдөн өткөн жарандар (ПЦР тести жок) аба жолу менен 2021-жылдын 19-июнунан баштап, жер үстүнөн 2021-жылдын 12-июнунан тартып келе алышат», – деп билдирди туризм департаменти.