Марипов МИКтин 4%дык ипотека программасынын ишке ашаарынан күмөн санады

Марипов МИКтин 4%дык ипотека  программасынын ишке ашаарынан күмөн санады

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов «Менин үйүм 2021-2026» жаңы турак жай программасынын ишке ашаарынан күмөн санады. Ал Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө сунушталган программаны кеңири карап чыгууну жана долбоордун максатка ылайыктуулугуна өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Бул тууралуу бир күн мурда, 9-июнда өткөн жыйында белгилүү болгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Төраганын айтымында, аткарылгыс тапшырмаларды алдыга коюунун кажети жок, бардык иш-аракеттер реалдуу мүмкүнчүлүктөр менен шайкеш келүүсү зарыл.

«Сунушталган программага ылайык, пайыздык чек 4%га чейин төмөндөйт, баштапкы төлөө үчүн эч кандай талап жок. Булар, албетте, жакшы шарттар. Бирок программаны кабыл алуудан мурда, бардык тобокелчиликтерди эсептеп чыгуу керек, эң башкысы, каржылоо булактарын аныктоо керек», – деп баса белгиледи Марипов.

Анын айтымында, калкты мамлекеттик жеңилдетилген турак-жай менен камсыз кылуу – социалдык жактан маанилүү программа. Бирок, ипотекалык компания мындай жоопкерчиликти өзүнө алгандан кийин, бул милдеттенмелерди кандайча жана канча убакытта аткарыларын көрсөтүү керек.

«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнын төрагасы Аида Төлөгөнованын маалыматына таянсак, кийин сатып алуу максаты менен ижарага берилүүчү турак жайдын механизмин иштеп чыгуу, баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу аркылуу мамлекеттик ипотеканы насыялоо секторуна каражат тартуу, ошондой эле инвестицияларды алып келүү боюнча иштер жүрүп жатат.

«МИК» «ортомчу» имиджинен алысташы керек, уюмдун иштөө принцибин толугу менен өзгөртүү керек. Иштин негизги өзөгү – жарандар иш жүзүндө арзан турак-жай сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек», – деди Марипов.

Мындан тышкары окуңуз

Ош облусунда ишкерлердин укуктарын коргоо маселеси талкууланды

Ош облусунда ишкерлердин укуктарын коргоо маселеси талкууланды

Ош облусунун прокуратура органдары укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана банк мекемелеринин жетекчилеринин катышуусунда ишкерлер менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Жолугушууларда ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоо маселеси талкууланып, бизнеске мыйзамсыз кийлигишүүгө жол берилбей турганы белгиленди. Мыйзам бузуу фактылары аныкталган учурда тиешелүү

Бишкек мэриясы: Бала бакчада төлөм жеке эсепке гана жүргүзүлөт

Бишкек мэриясы: Бала бакчада төлөм жеке эсепке гана жүргүзүлөт

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамак-аш үчүн төлөм жүргүзүүнүн тартиби тууралуу маалымдайт. Маалыматка ылайык, ар бир балага жеке эсеп ачылат. Райондук билим берүү башкармалыктары катышуу табелинин негизинде ай сайын ар бир бала үчүн өзүнчө төлөм эсебин түзүшөт. Жеке эсептин реквизиттери жана төлөнүүчү сумма тууралуу маалымат ата-энелерге

Чүй агроөнөр жай аймагында агын сууларды тазалоо комплекси курулат

Чүй агроөнөр жай аймагында агын сууларды тазалоо комплекси курулат

Чүй агроөнөр жай аймагында агын сууларды тазалоочу комплексин куруу боюнча келишимге кол коюлду. Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №1057-Т тескемесинин негизинде ишке ашырылат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Комплекс агын сууларды заманбап ыкмада тазалап, айлана-чөйрөгө болгон жүктү азайтат. Ошондой эле эт, тери, желатин

"Манас" эл аралык аэропортунда 5 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулуп жатат

"Манас" эл аралык аэропортунда 5 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулуп жатат

"Манас" эл аралык аэропортунда көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайдын курулушу уланып жатканын "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидинов социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, бул аэропортту реконструкциялоо боюнча жалпы стратегиянын маанилүү бөлүгү болуп саналат. "Биз жүргүнчүлөр үчүн заманбап жана ыңгайлуу инфраструктура түзүп жатабыз. Унаа