Электр энергиясы боюнча тарифтик саясат талкууга коюлду – энергетика тармагы кризисте

Электр энергиясы боюнча тарифтик саясат талкууга коюлду – энергетика тармагы кризисте

 2021-2025-жылдарга карата Электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө токтом долбоору өкмөттүн сайтында коомдук талкууга коюлду. Орто мөөнөттүү тарифтик саясаты (ОМТС) өлкөнүн энергетикалык тармагынын финансылык туруктуулугун камсыздоого жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен жабдууну туруктуу камсыз кылууга багытталган.

Божомолдонгон маалыматтарга ылайык, 2021-жылга электр энергиясынын тартыштыгы 3 млрд кВтске чейинки көлөмдө болушу күтүлүүдө. Буга суу сактагычтардагы суунун деңгээлинин төмөндөөсүнө алып келген кургакчыл мезгилдин кезектеги цикли, ошондой эле электр энергиясын керектөөнүн ар жылдык өсүшү себеп болууда.

2020-жылдын жыйынтыгы боюнча энергетикалык сектордогу кредиттер 129 млрд сомдон ашык сумманы түзөт, бул тарифтик тартыштык учурунда тармак үчүн оор жүк болуп эсептелет.

Коомдук талкууга коюлуп жаткан токтомдо калк үчүн төмөндөгүдөй тарифтер белгиленген.

2021-жылы, күзгү-кышкы мезгилдерден башка, 2020-жылга калк үчүн орточо коюлган тарифтин көлөмүндө түзүлгөн 1 кВтска 109.5 тыйын өлчөмүндөгү тариф боюнча жүргүзүлөт.

 2022-жылдан тартып, ОМТС аркылуу 2023-жылы электр энергиясынын наркы 1 кВтс үчүн 148 тыйын өлчөмүнө (2020-жыл үчүн 1 кВтс электр энергиясынын иш жүзүндөгү наркы) жетүү үчүн тарифти ар жыл сайын жогорулатуу болжолдонуп жатат.

2024-жылдан баштап, калк үчүн тариф өткөн жылдын мезгили үчүн иш жүзүндөгү жылдык инфляциянын деңгээлинде түзөтүлүп турат.

Күз-кыш мезгилинде, тиричиликтик керектөөчү (калк) электр энергиясын керектөөнүн ар айлык нормасынан, б. а. 1000 кВтстан жогору өлчөмдө ашырып, пайдаланган учурда ашыкча керектелген көлөм үчүн төлөө 1 кВтс үчүн 252 тыйын тарифи боюнча жүргүзүлөт (бийик тоолуу райондордо жана алыскы жетүүгө кыйын болгон аймактарда жашашкан тиричиликтик керектөөчүлөрдөн башкасы).

Насостук станциялар

Калкты таза суу менен, ошондой эле айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу менен камсыздоочу насостук станциялар жана скважиналар үчүн электр энергиясына тариф 109.5 тыйын/кВтс өлчөмүндө (салыктарды эсепке албастан) тиричиликтик керектөөчүлөр (калк) үчүн тарифтин деңгээлинде белгиленет. Бул тариф тиричиликтик керектөөчүлөр үчүн тарифтин өсүүсүнүн темпине ылайык ар жыл сайын жогорулатылып турат.

Электрдик транспорт

Керектөөчүлөрдүн бул категориясы үчүн тиешелүү тариф 1 кВтс үчүн 168 тыйынды (салыктарды эсепке албаганда) түзөт. Ушул ОМТСте аталган тарифти электрмобилдерди дүрмөттөө боюнча коомдук станциялар үчүн да колдонуу каралууда.

Социалдык стационардык мекемелер

Менчиктин түрүнө карабастан, 2021-жылы тиешелүү тариф 1 кВтс үчүн 168 тыйынды (салыктарды эсепке албаганда) түзөт.

Диний уюмдар

Бул ОМТСта өткөн жылдын мезгили үчүн иш жүзүндөгү жылдык инфляциянын деңгээлинде жыл сайын түзөтүү киргизүү менен 1 кВтс үчүн 168 тыйындын (салыктарды эсепке албаганда) деңгээлинде тариф белгиленет.

Өнөр жай жана айыл чарба

Өнөр жай, айыл чарба, бюджеттик (республикалык/жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер) үчүн керектелген электр энергиясына төлөм 1 кВтс үчүн 252 тыйын өлчөмүндөгү тариф боюнча (салыктарды эсепке албастан) жүргүзүлөт.

Майнинг (криптовалюта) субъекттери, алтын кен өнөр жай ишканалары (алтын өндүрүүчү фабрикалар), куючу, эритүүчү цехтер, цемент заводдору, алкоголдук продукцияларды өндүрүү боюнча ишканалар

Ишканалардын энергияны көп көлөмдө талап кылуусу жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоонун зарылдыгы эске алынып, электр энергиясына тариф үчүн 2.0 жогорулатылган коэффициентине түзөтүү киргизилүү менен белгиленет.

__________________________________________________________________________

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 27-мартындагы №188 токтому менен КРнын  2020-2022-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясаты бекитилген. Көрсөтүлгөн тарифтик саясат 2022-жылга чейин тарифтерди белгилеген эле. Бирок 2020-2021-жылдардын күз-кыш мезгилдеринен өткөндөн кийин Кыргызстандын энергетикасында кырдаал начарлаган.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде жолдордун сапаты көчмө лаборатория аркылуу текшерилди

Баткенде жолдордун сапаты көчмө лаборатория аркылуу текшерилди

Курулуш министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен өлкө аймагында курулуп жаткан жолдордун сапатына көчмө лабораториялык текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Бул алкакта Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жана Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору Баткен шаарында 2024-2025-жылдары капиталдык оңдоодон өткөн жолдорду, ирригациялык тутумдарды жана лотокторду текшерди. Текшерүүдө айрым көчөлөрдө асфальттын астынкы катмары талапка

Дүйнө жүзүндө азык-түлүккө болгон баалар жогорулады

Дүйнө жүзүндө азык-түлүккө болгон баалар жогорулады

БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюму өткөн жума күнү жарыяланган баяндамасында билдиргендей, азык-түлүк товарларынын дүйнөлүк бааларынын эталондук көрсөткүчүнүн апрелде үчүнчү ай катары менен өсүшү мунайдын кымбатташына жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам келип чыккан үзгүлтүктөргө байланыштуу болду.  FAOнун жалпы индекси апрель айында орто эсеп менен 130,7 пунктту түздү. Бул март

Өзгөндөгү мал базарда мониторинг: миңден ашык мал текшерүүдөн өттү

Өзгөндөгү мал базарда мониторинг: миңден ашык мал текшерүүдөн өттү

Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы тарабынан Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан "Прогресс" мал базарында мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда аталган мал базарына күн сайын орто эсеп менен 520га жакын бодо мал, 320 жылкы жана 900гө чукул кой-эчки алып келинет. Мониторингдин жүрүшүндө базарга

Бишкек мэриясы шаардыктарды тазалыкка чакырган кайрылуу кылды

Бишкек мэриясы шаардыктарды тазалыкка чакырган кайрылуу кылды

Бишкек шаарынын мэриясы борбордун тургундарына жана конокторуна кайрылды. Бул тууралуу аталган мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Мэриянын кайрылуусунда шаардыктарды тазалыкты сактоого чакырган.  Арыктардын бүтөлүп, көчөлөр менен короолордун суу каптоосунун негизги себептеринин бири - арыктарга ташталган таштандылар. Мындай жоопкерчиликсиз мамиле көчөлөрдүн жана короолордун суу алдында калышына алып  келүүдө. Шаар тургундарын жана