Дүйнө жүзүндө азык-түлүккө болгон баалар жогорулады

Дүйнө жүзүндө азык-түлүккө болгон баалар жогорулады

БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюму өткөн жума күнү жарыяланган баяндамасында билдиргендей, азык-түлүк товарларынын дүйнөлүк бааларынын эталондук көрсөткүчүнүн апрелде үчүнчү ай катары менен өсүшү мунайдын кымбатташына жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам келип чыккан үзгүлтүктөргө байланыштуу болду. 

FAOнун жалпы индекси апрель айында орто эсеп менен 130,7 пунктту түздү. Бул март айындагы кайра каралган көрсөткүчтөн 1,6 пайызга жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,0 пайызга көп.

Буудайдын дүйнөлүк баалары апрелде 0,8 пайызга көтөрүлдү, буга 2026-жылы айдоо аянттары кыскарат деген божомолдор да түрткү берди. 

Анткени, Ормуз кысыгындагы кризис мунайды эле эмес, жер семирткичтерди да кымбаттатгандыктан, дыйкандар жер семирткичти буудайга салыштырмалуу аз талап кылган өсүмдүктөргө өтүүдө. 

Күрүч баасынын индекси да апрелде 1,9%га жогорулаган, буга мунайдын кымабатташынан улам күрүч экспорттоочу өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө өндүрүш жана маркетинг чыгымдарынын көбөйгөнү түрткү берген. 
FAOнун өсүмдүк май боюнча баа индекси март айына салыштырмалуу 5,9 пайызга жогорулап, 2022-жылдын июль айынан берки эң жогорку деңгээлге жетти. 
Уй этинин дүйнөлүк баалары да эң жогорку чекке чыкты. Бул дүйнөнүн ири эт өндүрүүчүлөрүнүн бири - Бразилияда сойула турган малдын чектелүү болушунан улам экспорттук баалардын жогорулашы менен шартталды.

FAOнун сүт азыктарынын баа индекси март айына салыштырмалуу 1,1 пайызга төмөндөдү. Буга негизинен Европа Биримдигинде сүттүн мол болушу жана Океания чөлкөмүндө сезондун аягындагы өндүрүштүн күтүлгөндөн көптүгү таасирин тийгизди. 

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media