Баткенде жолдордун сапаты көчмө лаборатория аркылуу текшерилди

Баткенде жолдордун сапаты көчмө лаборатория аркылуу текшерилди

Курулуш министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен өлкө аймагында курулуп жаткан жолдордун сапатына көчмө лабораториялык текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Бул алкакта Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жана Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору Баткен шаарында 2024-2025-жылдары капиталдык оңдоодон өткөн жолдорду, ирригациялык тутумдарды жана лотокторду текшерди.

Текшерүүдө айрым көчөлөрдө асфальттын астынкы катмары талапка ылайык тыгыздалбаганы аныкталды. Мындан улам жаандан кийин жолдор чөгүп, асфальтта жаракалар пайда болгону белгилүү болду.

Атап айтканда, Кызыл-Кыя шаарындагы Токтогул, Жусубалиев көчөлөрү, Миң-Өрүк–Самаркандек айланма жолу жана Арпа-Сай айылындагы Садовая-3 көчөсү текшерилди.

Жыйынтыгында подрядчы уюмдарга эскертүү берилип, административдик чаралар көрүлүүдө.

Ошондой эле СССРдин 40 жылдыгы, Муса Кадыр 60 жылдык, Э.Калыков көчөлөрүндөгү тротуарлар жана Бужум–Боз-Адыр, Согмент–Айгүл-Таш жолдорундагы оңдоо иштери көзөмөлдөнүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Бразилия соода байланыштарын кеңейтүү боюнча талкуулашты

Көчө жарыктары күнгө жараша өчүп-күйүшү мүмкүн

Тобокелдикке багытталган көзөмөл: кандай иштейт жана артыкчылыгы эмнеде?

Сузактын Октябрь айылында жаңы кинотеатр жана эс алуу багы ачылды

Акыйкатчы Жаманбаева Москвада эл аралык жыйынга катышты