Бүткүл Дүйнөлүк Банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору алмашты
Бүткүл Дүйнөлүк Банк Борбор Азия боюнча аймактык директору кызматына 2016-жылдан бери иштеп келген Лилия Бурунчук айымдын ордуна Татьяна Проскурякованы дайындаганын жарыялады. Бул тууралуу банктын маалымат кызматы билдирди.
Проскурякова айым Борбордук Азиядагы БДБ тарабынан каржыланган жалпы суммасы 10 млрд доллардан ашкан 80ден ашуун долбоордун тездик менен өсүп жаткан инвестициялык портфелин жетектейт.
Бул регионалдык программа долбоорлордун саны боюнча дагы, БДБнын кардар өлкөлөрүнүн алдындагы финансылык милдеттенмелеринин көлөмү боюнча дагы дүйнөдөгү эң ири программалардын бири болуп саналат.