Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти Скотт Перри Тенгиз Бөлтүрүктүн билдирүүсүн четке какты

Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти Скотт Перри Тенгиз Бөлтүрүктүн билдирүүсүн четке какты

Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри «Кумтөр» кенин жумушчуларына Торонтодон жөнөткөн ыраазычылык ачык катында, Тенгиз Бөлтүрүктүн берген маалыматтарын четке какты. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.

«Теңгиз Бөлтүрүктүн айтымында, биз Кумтөр алтын компаниясынын 1.7 млрд долларын бөгөттөп салган экенбиз. Андай эмес. 2021-жылдын 30-апрелине карата, кенди иштетүүдө келип чыккан муктаждыктарды канааттандыруу үчүн Кумтөр алтын компаниясынын банк эсебинде 17.1 млн АКШ доллары болгон. Орто эсеп менен, кендин бир жумалык чыгымы 16.2 млн долларды түзүп, ал толук күнгө жалданган, келишим боюнча иштеген 4000 ашуун жумушчулардын эмгек акыларын, ошондой эле Кыргызстандын жүздөгөн жергиликтүү
ишканаларынан сатылып алынган нерселердин акысын төлөөгө каралган», – деп билдирет Скотт Перри өзүнүн катында.

Андан тышкары, Скотт Перри Кумтөрдүн жумушчуларына ыраазычылык билдирип жана кыргыз өкмөтү кызматташуудан бир канча ирет баш тартканын кабарлаган.

«Бир топ жыл чогуу иштешип, көп адамдар мүмкүн эмес деп ойлогон нерселерге чогуу жеттик. Силердин жардамыңар менен, биз КРгы алдыңкы алтын өндүрүүчү компания болуп, кыргыз жарандары үчүн жакшы төлөнүүчү миңдеген жумуш орундарын түзүп бердик. Биргелешип жеткен ийгиликтерибиз менен сыймыктанам жана силер да сыймыктанбай койбойсуңар деп ишенем», – деди ал.

Анын айтымында, кызматташууну үзгүлтүккө учураткан жалган маалыматтын негизинде өкмөттүн кенди басып алганына бир айдан ашуун убакыт өттү. Өкмөт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү ниетинин ачык билдиргенине карабастан, өкмөт канада тарап менен кызматташуудан бир нече жолу баш тарткан.

«Мөңгүлөрдүн эриши Кумтөр кени иштетилип баштаганга чейин климаттын өзгөрүүсү менен шартталган, КРгы гана эмес, дүйнөнүн башка бурчтарындагы Альпы тоо кыркаларындагы мөңгүлөргө мүнөздүү жалпы көрүнүш. Кыргыз өкмөтү менен макулдашылгандан кийин, 2014-жылдан тарта бош тоо тектер Кумтөр кенинин аймагындагы мөңгүлөргө көмүлбөй калган. Бош тоо тектер менен мөңгүлөр аралашып кетпесин деп аларды өз өзүнчө ажыратып келгенбиз.

Биз үчүн силердин коопсуздугуңар ар дайым биринчи орунда турчу. Өкмөт кенди басып алганга чейин бардык коопсуздук, мониторинг жана иштетүү системалары талапка ылайык иштеп келген. Өзүңөр байкагандай эле, мамлекеттик органдар Кумтөр кенинде иштеген айрым кызматкерлердин компьютерлери менен сырсөздөрүн тартып алышканда, Centerra Gold компаниясынын дүйнөлүк IT инфраструктурасынын бүтүндүгүн коргоо максатында Кумтөрдө иштегендердин кирүү мүмкүнчүлүгүн чектегенге аргасыз болдук. Борбордук системага кирүү мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабастан, кендин коопсуздугун камсыз кылган системалар, ошондой эле мөңгүлөрдү мониторингдеген системалар мурункудай эле иштеп жатышат», – деп билдирет Скотт Перри.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, болуп өткөн окуяларга байланыштуу пландарын токтото турууга аргасыз болгонун жазат.

«Өкмөт менен болгон пикир келишпестиктерибиз ушунчалык деңгээлге жеткени бизди өкүндүрбөй койбойт. Мындай болбошу керек эле. Кумтөр кенинин өмүрүн узартуу үчүн кошумча 2 млрд доллар инвестиция кылып, силер менен кеминде дагы он жылдай иштешүү мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтүп жатканбыз. Тилекке каршы, болуп өткөн соңку окуялардан кийин пландарыбызды токтото турууга аргасыз болдук.

Учурда башыңардан эртеңки күнүңөр белгисиз болгон оор мезгил өтүп жатканын жакшы түшүнүп турам. Өкмөттөн биз менен болгон талаш-тартышты ачык-айкын жана таза чечүү үчүн биз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү көптөн-көп өтүндүк. Өкмөт менен болгон түшүнбөстүктөрдү сүйлөшүүлөр жана өз-ара келишүү жолу аркылуу тез арада чече алабыз деп ишенем. Буга чейин деле чечилбес көйгөйлөрдү чечип келгенбиз жана бул жолу да чечебиз. Өкмөт канчалык эрте биз менен сүйлөшө баштаса, биздин эртеңки тагдырыбыз да ошончолук эрте белгилүү болот», – дейт компаниянын президенти.

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр жаратылышты коргоо багытында 3,6 млн сом айып пул өндүрүлгөн

Былтыр жаратылышты коргоо багытында 3,6 млн сом айып пул өндүрүлгөн

2025-жылы өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо багытында жалпысынан 42 текшерүү жана 561 рейддик иш-чара жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында 567 укук бузуу фактысы аныкталып, 3 907 500 сом айып салынды. Учурда анын 3 594 500 сому өндүрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Ысык-Көл жана Соң-Көлдө рейддик иш-чаралар

МинКаб өзгөчө кырдаалдар убагында төлөмдөрдү төлөө тартибин тактоону сунуштады

МинКаб өзгөчө кырдаалдар убагында төлөмдөрдү төлөө тартибин тактоону сунуштады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги коомдук талкууга өзгөчө кырдаал учурунда жабыркаган жарандарга бир жолу берилчү социалдык төлөмдөрдүн шарттары жана тартибин тактоочу жобо долбоорун чыгарды. Өзгөртүүлөрдүн зарылдыгы азыркы жобону колдонууда пайда болгон практикалык маселелерге байланыштуу. Финансы министрлиги бюджетке болгон тобокелдиктерди көрсөткөн: калкка бир адамга жашоо минимуму өлчөмүндө төлөмдөрдү берүү болжол

Ошто эски “Келечек” базарын көчүрүү иштери уланууда

Ошто эски “Келечек” базарын көчүрүү иштери уланууда

Ош шаарындагы эски “Келечек” базарын жаңы “Келечек” базарына көчүрүү иштери улантылууда. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Көчүрүү иштери Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин тапшырмасына ылайык жүргүзүлүп жатат. Соодагерлерди жаңы соода жайына этап-этабы менен көчүрүү үчүн Ош шаарынын мэриясынын алдындагы тиешелүү кызматтар тарабынан комплекстүү чаралар көрүлүүдө. Көчүрүү

Эл аралык эки банк Кыргызстандагы стартаптарды өнүктүрүүгө каражат бөлөт

Эл аралык эки банк Кыргызстандагы стартаптарды өнүктүрүүгө каражат бөлөт

Депутат Болот Сагынаев 2026-жылдын 2-мартында Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүктүрүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында жаш стартапчыларга каржылык жардам көрсөтүүнү сунуштады. Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов белгилегендей, колдоо боюнча конкреттүү пландар бар: Дүйнөлүк банк жана Азия инвестициялык банкы Кыргызстандагы чакан жана