КФБ «Керемет Банк» менен «ФинансКредитБанктын» акцияларын төмөнкү категорияга киргизди
29-июнда Кыргыз Фондулук Биржасы (KSE) «Керемет Банк» ААК жана «ФинансКредитБанк» ААКнын жөнөкөй акцияларын «B» категориясынан «С» категориясына өткөрдү. Бул тууралуу КФБнын басма сөз кызматы билдирди.
Баалуу кагаздарды төмөнкү категорияга которуу жөнүндө чечим, банктар кирешелүүлүк боюнча талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу кабыл алынгандыгын КФБдан билдирди.
Биржалык маалыматтарды берүү борборунун билдирүүсү боюнча, I кварталда эки каржы институту тең чыгашалуу болгон. «Керемет Банктын» таза чыгымы – 25.8 млн сом болсо, «ФинансКредитБанктыкы» – 9.3 млн сомду түзгөн.