Мамлекет менен элдин ортосундагы көпүрө – Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгү

Мамлекет менен элдин ортосундагы көпүрө – Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгү

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ондогон ар кандай тармактарда иштеген миңдеген бейөкмөт уюмдар бар. Айрым кыргызстандыктардын айтымында, алардын айрымдарынын иш-аракеттери эки ача, бирок объективдүү баа берүү менен жарандык сектордун көзкарандысыз мамлекетти түптөөдөгү ролун баалабай коюу мүмкүн эмес.

Мамлекет чече албаган маселелерди көбүнчө бейөкмөт уюмдар өз мойнуна алышат. «Бюджеттик адвокация үчүн» Коалициясынын жетекчиси Батма Эстебесова белгилегендей, өкмөттүк эмес уюмдар мамлекеттин каражаты жетишсиз жерде жардам бере алышат.

Маанилүү рол

«Биз бюджеттин жетишсиздигинен же башка мүмкүнчүлүктөрдөн улам, мамлекет кайсы бир маселени иш жүзүнө ашыра албаган жерде жардам беребиз. Жарандык уюмдар жана жеке активисттер өз чөйрөлөрүндөгү, тар чөйрөдөгү көйгөйлөрдү көрүп, тез арада жооп бере алышат», – дейт Батма Эстебесова.

БӨУ менен мамлекеттик органдардын иши бири-бирине каршы келбейт, тескерисинче, пайда болгон көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүү үчүн бул эки институт бири-бирин толукташы керек. Күчтүү жарандык сектор мамлекетке багыт жана жардам берет.

«Жарандык жана мамлекеттик сектор бири-бирин толуктай алат. Ал эми саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо жаатында иштеген мамлекеттик органдар буга макул экендигин көрүп келебиз. Буга мамлекеттик социалдык заказды каржылоонун көбөйүшү, иш жүзүндө социалдык чөйрөдөгү көйгөйлөрдү чечүүгө БӨУлардын жана жеке сектордун катышуусу күбө. Бирок, эң негизгиси, өкмөттүк эмес уюмдар эч качан мамлекеттик органдарды, министрликтер менен ведомстволордун ордун баса албайт», – дейт Эстебесова.

Эмне менен алектенишет?

Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгү өтө кеңири, алар ар кандай иш-чаралар менен алектенишет – муктаж болгондорго жардам берүүдөн тартып, тармактарды жана бүтүндөй өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегияларын иштеп чыгууга чейин көмөктөшөт.

«СОЦИУМ» бейөкмөт уюмунун менеджери Кенже Каликазиеванын пикиринде, өкмөт бейөкмөт уюмдарга жардам берсе, иштин натыйжасы жакшыраак болот, анткени уюмдардын ишенимдүү каржылык пайдубалы жок.

«Бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгү үчүн өнүгүү боюнча өнөктөштөрдөн каржылык колдоо алуу мүмкүнчүлүгү, тигил же бул себептерден улам, тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан көрсөтүлбөгөн кызматтарды көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бирок, узак мөөнөттүү келечекте чет өлкөлүк донорлорго көз карандылык жана каржылык туруктуулуктун жоктугу бейөкмөт уюмдардын ишенимдүү кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн чектейт. Келечекте донордук колдоого көз карандылыкты азайтуу үчүн акырындык менен мамлекеттик колдоого жана мамлекеттик бюджеттен каржылоого өтүү керек», – дейт Каликазиева.

Бейөкмөт уюмдар жана мамлекеттик органдар

Эксперттер бейөкмөт уюмдар менен мамлекеттик органдардын натыйжалуу кызматташа алаарына ишенишет. Бирок бул саясий эркти, бюрократияны азайтууну жана жөнөкөйлөтүлгөн байланышты талап кылат. Бүгүнкү күндө мамлекеттик бюрократия менен бейөкмөт уюмдардын ийкемдүүлүгүнүн ортосундагы карама-каршылык жана олуттуу ажырым өнөктөштүктү түзүүдө көп тоскоолдуктарды жаратууда.

«СОЦИУМ» бейөкмөт уюмдардын калк менен тыгыз байланыш түзүп, өз ара түшүнүшүүгө жетишүү жөндөмдүүлүгүн мамлекеттик органдар да,  бейөкмөт уюмдар да мойнуна алат деп ишенет. Көптөгөн уюмдар канча жылдан бери коомчулук менен иштешип келе жатышат. Ошондуктан, алар коомдун көйгөйлөрүн түшүнүп, алардын ишенимине ээ болушат, күн сайын жөнөкөй жарандар менен жолугушат, алардын көйгөйлөрүн жакшы билишет. Бул жарандык коомдун тажрыйбасы, чет элдик жардамды алууга мүмкүнчүлүгү, ошондой эле мобилдүүлүгү жана ийкемдүүлүгү мамлекеттик органдарга калк алдындагы милдеттенмелерин натыйжалуу аткарууга жардам берет. Ошол эле учурда, мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары көбүрөөк, эгерде эки тараптын тең ыйгарым укуктарын айкалыштырса – бул коом үчүн абдан эле маанилүү болот.

Кыргызстанда кыйын кырдаал болгондо биринчи ушул бейөкмөт уюмдар жана жарандык активисттер жардамга келишет. Мисалы,  коронавирус пандемиясы учурунда так ушундай кырдаал жаралды. Мамлекет кризиске тезинен жооп бере албай калганда, бейөкмөт уюмдар жана активисттер гуманитардык жардамдарды чогултушуп, жеткиришип, тезинен медициналык жардам көрсөтүүгө көмөктөшүп, дары-дармектерди, медициналык шаймандарды, тамак-аш азыктарын сатып алууга каражат чогултушту.

Бирок ошол эле учурда жарандык сектор өзү колдоого муктаж экендигин жана мамлекет бул колдоону көрсөтө алаарын унутпаш керек. Ушундай кызматташтык менен бейөкмөт уюмдар, ийкемдүү өнөктөш катары, өздөрү күчтүү болгон тармактарда абдан натыйжалуу иштей алышат. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамга качандыр бир кезде бекитилген муниципалдык кызматтардын алкагындагы чектөөлөрсүз эле, жергиликтүү бюджеттин эсебинен калкты колдоо туралуу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсе жакшы жардам бермек.

«Мамлекеттин башына кыйын кез түшкөндө, бейөкмөт уюмдар көптөгөн маселелерди чечишет жана бул тууралуу көптөгөн мисалдар бар. Элдер, жарандык активисттер, бейөкмөт уюмдар өтө сезимтал, мобилдүү, түшүнүктүү жана гумандуу келишет. Ошондуктан, жарандык сектор менен мамлекет биргелешип иштеп, бири-бирине колдон келишинче жардам бериши керек», – дешет адистер.

Жарандык уюмдар коомго өтө баалуу жардам көрсөтүшөт, ансыз калкты турмуштук маанилүү социалдык кызматтар менен камсыз кылуу деңгээли кыйла начарлайт. Демек, мамлекеттик органдар менен бейөкмөт уюмдардын ортосундагы мамилелерди өркүндөтүү, алардын өз ара ишенимин жогорулатуу өтө маанилүү.

Сүрөт: Sputnik.kg

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр жаратылышты коргоо багытында 3,6 млн сом айып пул өндүрүлгөн

Былтыр жаратылышты коргоо багытында 3,6 млн сом айып пул өндүрүлгөн

2025-жылы өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо багытында жалпысынан 42 текшерүү жана 561 рейддик иш-чара жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында 567 укук бузуу фактысы аныкталып, 3 907 500 сом айып салынды. Учурда анын 3 594 500 сому өндүрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Ысык-Көл жана Соң-Көлдө рейддик иш-чаралар

МинКаб өзгөчө кырдаалдар убагында төлөмдөрдү төлөө тартибин тактоону сунуштады

МинКаб өзгөчө кырдаалдар убагында төлөмдөрдү төлөө тартибин тактоону сунуштады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги коомдук талкууга өзгөчө кырдаал учурунда жабыркаган жарандарга бир жолу берилчү социалдык төлөмдөрдүн шарттары жана тартибин тактоочу жобо долбоорун чыгарды. Өзгөртүүлөрдүн зарылдыгы азыркы жобону колдонууда пайда болгон практикалык маселелерге байланыштуу. Финансы министрлиги бюджетке болгон тобокелдиктерди көрсөткөн: калкка бир адамга жашоо минимуму өлчөмүндө төлөмдөрдү берүү болжол

Ошто эски “Келечек” базарын көчүрүү иштери уланууда

Ошто эски “Келечек” базарын көчүрүү иштери уланууда

Ош шаарындагы эски “Келечек” базарын жаңы “Келечек” базарына көчүрүү иштери улантылууда. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Көчүрүү иштери Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин тапшырмасына ылайык жүргүзүлүп жатат. Соодагерлерди жаңы соода жайына этап-этабы менен көчүрүү үчүн Ош шаарынын мэриясынын алдындагы тиешелүү кызматтар тарабынан комплекстүү чаралар көрүлүүдө. Көчүрүү

Эл аралык эки банк Кыргызстандагы стартаптарды өнүктүрүүгө каражат бөлөт

Эл аралык эки банк Кыргызстандагы стартаптарды өнүктүрүүгө каражат бөлөт

Депутат Болот Сагынаев 2026-жылдын 2-мартында Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүктүрүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында жаш стартапчыларга каржылык жардам көрсөтүүнү сунуштады. Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов белгилегендей, колдоо боюнча конкреттүү пландар бар: Дүйнөлүк банк жана Азия инвестициялык банкы Кыргызстандагы чакан жана