Өргүүгө чыккан депутаттарга 200-300 миң сомдон төлөнөт – Исхак Масалиев
Жакында эле өргүүгө чыккан Жогорку Кеңештин депутаттарына 200-300 миң сомдук эмгек акы төлөнөт. Бул тууралуу экс-депутат Исхак Масалиев Facebook баракчасына жазды.
Исхак Масалиев өзүнүн баракчасында, конституцияны кабыл алып, аны ушул жылдын июнь айында болот деп белгилешкен депутаттар, ал мыйзамдын аткарылышы тууралуу ойлоп да койбостон, эмгек өргүүсүнө чыгып кетишкендерин жана аларга өргүү үчүн 200-300 миң сомдон берилерин ачууланып жазып чыкты.