Мальталыктар ээлик кылган кыргызстандык компанияларга Акылбек Жапаровдун тиешеси барбы?

Мальталыктар ээлик кылган кыргызстандык компанияларга Акылбек Жапаровдун тиешеси барбы?

«ПолитКлиника» басылмасынын иликтөөчү журналисттери үч ай бою иликтеп, Мальталык компаниялар ээлик кылган кыргызстандык компанияларды жана аларды азыркы финансы жана экономика министри Акылбек Жапаровдун адамдары башкараарын жазып чыгышты.

Иликтөөдө айтылган маалыматка таянсак, 2020-жылдын октябрь айынын аягында Кыргызстандын азыркы тапта жоюлуп кеткен финансылык полициясы пресс-релиз таратып, Кант шаарында жайгашкан МИС (Машиноиспытательная станция) салыкты жашырып төлөбөй жүргөнүн билдирген. «30 кыймылсыз мүлкү бар МИС ири айланткан акчасына карабай, нөл менен отчет тапшырып жүргөн», – деп билдирген мекеме.

Мындан сырткары финпол акционердик коомдун негизги акционерлери Акылбек Жапаровдун жубайы Анара Жапарова жана мальталык оффшордук компания Eurasia Capital Limited экенин дагы белгилеген. Мамлекеттик финансылык көзөмөлдүн 2021-жылдын 10-мартына карата маалыматы боюнча, МИСтин 98.3% акциясы Eurasia Capital Limited компаниясына тийиштүү деп айтылат чоң иликтөөдө.

Ошол эле иликтөөдө МИС Финансы министрлигинен алган ссудасын төлөбөй койгондугу, 2021-жылдын март айына карата минфиндин берген маалыматында, МИС мамлекетке 127.1 млн сом карыз экендиги жана учурда кылмыш иши 2017-жылы козголгонуна карабай, дагы деле УКМКда иликтенип жаткандыгы, УКМК өз пресс-релизинде 95% акциянын ээлери Акылбек Жапаровго тиешеси бар адамдар болгондугу айтылат.

Мындан тышкары окуңуз

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Мамлекеттик бажы кызматы дары-дармек импорттоодо КНС боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныктады. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 1,3 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын импорттоодо кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныкташты. Маалыматка ылайык, "Н.В.С.О." компаниясы салыктан бошотулган

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу ишкананын расмий баракчасына жарыядланды. Маалыматка ылайык, асма аркан инфраструктурасын куруу иштерин асма транспорттук системаларды долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда. Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол четиндеги бак-дарактарды иретке келтирүү жана бутоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чараны Манас шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы аткарды. Дарактардын куураган жана ашыкча бутактары кыркылып, алардын жакшы өсүшүнө шарт түзүлдү. Мэрия белгилегендей, мындай иш-аракеттер шаардын көчөлөрүнүн көрктүүлүгүн арттырууга, жашыл

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкек мэриясы көп батирлүү үйлөр курулган ижарадагы жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди киргизди. Чечим турак жай ээлеринин мүлктүк укуктарын каттоодогу көйгөйлөрдү жоюуга багытталган. Ага ылайык: * 2026-жылдын 31-декабрына чейин жер тилкесин сатып алуу баасы 50%га төмөндөтүлөт (коэффициент – 0,5); * 2027-жылы – 40%га (коэффициент – 0,6); * 2028-