Кербен шаарында айыл чарба жарманкеси өттү
Кечээ Бишкектин Аламүдүн районунда жана Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында айыл чарба жарманкеси өттү. Анда азык-түлүктөр базар баасынан төмөн баада сатылды.
Маалым болгондой, Аламүдүндө эт 750 сомдон, картошка 23 сомдон, сабиз 25 сомдон, жумуртка 12 сомдон сунушталса, Кербенде картошка 30–35 сомдон, пияз 35 сомдон, алма 30–70 сомдон, күрүч 120 сомдон сатылды.
Жарманкелердин максаты — жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн түз байланышын камсыздап, калкты жеткиликтүү баадагы азык-түлүк менен камсыздоого көмөктөшүү.
Айыл чарба министрлигинин билдирүүсүнө караганда, ушундай эле жарманкелер ишемби жана жекшемби күндөрү Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта да өткөрүлөт.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу