АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) 2028–2032-жылдарга карата жаңы Өнөктөштүк стратегиясын даярдоо жана кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Анда энергетика, транспорт, индустриялаштыруу жана айыл чарба тармактары артыкчылыктуу багыттар катары белгиленди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-ноябрда финансы министри Руслан Суйналиев АӨБдүн Борбордук жана Батыш Азия департаментинин башкы директорунун орун басары Йонга Йе менен жолугушту. Тараптар бюджеттик колдоо көрсөтүү, жаңы стратегияны даярдоо жана учурда ишке ашырылып жаткан биргелешкен долбоорлордун жүрүшүн талкуулашты.

Жолугушууда АӨБдүн Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбооруна катышуу мүмкүнчүлүгү жана "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан" темир жолун кошкондо, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү маселелери да каралды.

Жаңы стратегияны иштеп чыгуу жана артыкчылыктуу долбоорлордун тизмесин макулдашуу үчүн 2027-жылдын башында биргелешкен жумушчу топ түзүү сунушталды. Тараптар инвестиция тартуу жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды

Ошто 300 орундуу жаңы бала бакча ачылды