Курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды
Курулуш министрлиги тарабынан объектилердеги мыйзам талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөл күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.
Анын алкагында Бишкек шаарындагы Мичурин көчөсү 163 дарегинде жайгашкан 16 кабаттуу турак жай комплексинин курулушу текшерилди.
Текшерүүдө үч блоктон турган объекттин жер алдындагы эки кабатынын (–2-деңгээл) курулушу толук аяктай электе батирлерди сатуу жана жарнамалоо иштери жүргүзүлүп жатканы аныкталды.
Белгиленген тартипке ылайык, нөл циклинин талаптары аткарылып, пайдубал жана жер алдындагы курулуш иштери аяктаганга чейин турак жайларды сатууга жана үлүштүк курулушка каражат тартууга жол берилбейт.
Натыйжада "Моналит Строй" ЖЧКсына 200 000 сом айып пул салынып, мыйзам талаптары аткарылганга чейин компаниянын лицензиясы жана курулуш иштери убактылуу токтотулду.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу