«Паспортту үйгө жеткирип берүү» кызматы иштеп жатат

«Паспортту үйгө жеткирип берүү» кызматы иштеп жатат

Санариптик өнүктүрүү министрлиги паспортту үйгө жеткирип берүү кызматын пайдаланууну жарандардын эсине салат.

Кантип паспортту үйгө чейин жеткирип берүү кызматын алса болот?

Паспортту үйгө жеткирип берүүнү каалаган жарандар:

  • Калкты тейлөө борборунда же паспорттоштуруу бөлүмүндө паспорт алууга документтерди тапшырып жатканда, документти кабыл алып жаткан кызматкерге паспортту үйгө жеткирип берүү өтүнүчү менен кайрыласыз (системада арыз паспортту үйгө жеткирип берүү кызматы менен автоматтык түрдө түзүлөт)
  • паспортту жеткирип берүү үчүн толук даректи жана байланыш номерлеринизди айтасыз
  • жеткирип берүү кызматы үчүн банк кассасында төлөм жүргүзөсүз (төлөөгө дүмүрчөк жеткирүүнү эске алуу менен түзүлөт)
  • кызмат көрсөтүүнүн наркы 100 сом

Паспортту даярдоо мөөнөтүнө ылайык, почтальондор паспортту алгандыгы тууралуу алдын ала маалымдайт жана арызда көрсөтүлгөн дарек боюнча жеткиришет.

Жеткирүү мөөнөтү документ паспорттоштуруу бөлүмүнө же КТБна келип түшкөн учурдан тартып эки- үч иш күндөн күндө жүргүзүлөт.

Паспортту үйгө жеткирип берүү кызматы жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жана өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен ишке киргизилген.

Паспортту үйгө жеткирип берүү КР СӨМ караштуу «Кыргыз Почтасы» мамлекеттик ишканасынын почтальондору тарабынан жүргүзүлөт.

2020-жылы 458 паспорт үйлөргө жеткирилсе, ал эми 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында 657 жаран бул кызматтан пайдаланышкан.

Мындан тышкары окуңуз

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Мамлекеттик бажы кызматы дары-дармек импорттоодо КНС боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныктады. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 1,3 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын импорттоодо кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныкташты. Маалыматка ылайык, "Н.В.С.О." компаниясы салыктан бошотулган

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу ишкананын расмий баракчасына жарыядланды. Маалыматка ылайык, асма аркан инфраструктурасын куруу иштерин асма транспорттук системаларды долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда. Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол четиндеги бак-дарактарды иретке келтирүү жана бутоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чараны Манас шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы аткарды. Дарактардын куураган жана ашыкча бутактары кыркылып, алардын жакшы өсүшүнө шарт түзүлдү. Мэрия белгилегендей, мындай иш-аракеттер шаардын көчөлөрүнүн көрктүүлүгүн арттырууга, жашыл

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкек мэриясы көп батирлүү үйлөр курулган ижарадагы жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди киргизди. Чечим турак жай ээлеринин мүлктүк укуктарын каттоодогу көйгөйлөрдү жоюуга багытталган. Ага ылайык: * 2026-жылдын 31-декабрына чейин жер тилкесин сатып алуу баасы 50%га төмөндөтүлөт (коэффициент – 0,5); * 2027-жылы – 40%га (коэффициент – 0,6); * 2028-