Президент: COVID-19 менен ооруган бир бейтапты дарылоого бюджеттен болжол менен 1 миң доллар сарпталууда

14 күндүн ичинде COVID-19 менен ооруган бир бейтапты дарылоого өлкө бюджетинен болжол менен 1000 доллар сарпталууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

Бүгүн, 28-июлда мамлекет башчы кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, анда коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырып, жакында ооруканаларга түшкөн COVID-19 менен ооругандардын дээрлик бардыгы эмдөөдөн өтпөгөндөр экендигин айтты.

«Ансыз да биздин мамлекеттин бюджетине оор түйшүк түшүп турганда, бул оор жүк болду. Жакынкы аралыкта Кыргызстан 20 млн долларлык вакциналардын кошумча партиясын алат, мындан тышкары, бир бейтапты 14 күн дарылоого 1000 долларга жакын каражат сарпталууда», – деди президент.

«Эгер вакцина албасаңыз, анда өзүңүзгө, жакындарыңызга жана бүтүндөй өлкөгө зыян келтиресиз. Ушуга байланыштуу, урматтуу кыргызстандыктар, сизден эмдөө алууңуздарды өтүнөбүз», – деп кошумчалады президент.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Кербен шаарында айыл чарба жарманкеси өттү

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар