Улуттук банктын алтын-валюта резервдери 2021-жылдын 27-июлуна карата 2.65 млрд АКШ долларын түздү

Улуттук банктын алтын-валюта резервдери 2021-жылдын 27-июлуна карата 2.65 млрд АКШ долларын түздү

Улуттук банктын алтын-валюта резервдери 2021-жылдын 27-июлуна карата 2.65 млрд АКШ долларын түзгөнүн Улуттук банк расмий түрдө билдирет.

Азыркы учурда коом ичинде Улуттук банкынын алтын-валюта резервдери кескин азайып баратат деген маалымат тарап жатат. Улуттук банктын алтын-валюта резервдери 2021-жылдын 27-июлуна карата 2.65 млрд АКШ долларын түзөрүн Улуттук банк расмий түрдө билдирет. Бул тууралуу регулятордун маалымат кызматы жарыялады.

Бул товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр импорту минималдуу 3 айга сунушталган шартта дагы, 6 айга жакын импорт көлөмүнүн ордун жабат. Учурдагы алтын-валюта резервдеринин көлөмү өлкөнүн макроэкономикалык жана финансылык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жетиштүү деңгээлде запас көлөмүнө ээ.

Акыркы бир нече жылдардан бери өлкөнүн алтын-валюта резервинин көлөмү өсүп жаткандыгы катталган. Алсак, 2019-жылдын аягында алтын-валюта резервдери 2.4 млрд долларды, ал эми 2020-жылдын акырында 2.8 млрд долларды түзгөн.

Алтын-валюта резервдеринин курамына алтын, Атайын карыз алышуу укугу (СДР), АКШ доллары, евро, англис фунту жана башка чет өлкө валюталары кирет. Жыл ичинде эл аралык резерв көлөмү валюталар курсунун өзгөрүшүнө, баалуу металлдарга болгон баанын өзгөрүшүнө, тышкы карыздарды төлөөгө жана башка факторлорго байланышуу өсүшү да, ошондой эле кыскарышы да мүмкүн. Ошондуктан, эл аралык резервдердин өзгөрүү динамикасын кароодо жылдык мааниге таянуу зарыл, себеби жыл ичинде алтын-валюта резервдеринин көлөмү эреже катары өзгөрүүлөргө дуушар болуп турат деп айтылат жарыяда.

Мындан тышкары окуңуз

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Мамлекеттик бажы кызматы дары-дармек импорттоодо КНС боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныктады. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 1,3 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын импорттоодо кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныкташты. Маалыматка ылайык, "Н.В.С.О." компаниясы салыктан бошотулган

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу ишкананын расмий баракчасына жарыядланды. Маалыматка ылайык, асма аркан инфраструктурасын куруу иштерин асма транспорттук системаларды долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда. Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол четиндеги бак-дарактарды иретке келтирүү жана бутоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чараны Манас шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы аткарды. Дарактардын куураган жана ашыкча бутактары кыркылып, алардын жакшы өсүшүнө шарт түзүлдү. Мэрия белгилегендей, мындай иш-аракеттер шаардын көчөлөрүнүн көрктүүлүгүн арттырууга, жашыл

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкек мэриясы көп батирлүү үйлөр курулган ижарадагы жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди киргизди. Чечим турак жай ээлеринин мүлктүк укуктарын каттоодогу көйгөйлөрдү жоюуга багытталган. Ага ылайык: * 2026-жылдын 31-декабрына чейин жер тилкесин сатып алуу баасы 50%га төмөндөтүлөт (коэффициент – 0,5); * 2027-жылы – 40%га (коэффициент – 0,6); * 2028-