«Манас» аэропорту санитардык нормалар тууралуу айтылган сынга жооп айтты

«Манас» аэропорту санитардык нормалар тууралуу айтылган сынга жооп айтты

«Манас» аэропортунда учууларга чейин эл көп болуп, санитардык нормалар сакталбай жаткандыгы тууралуу ишкер Айбек Кыштобаев социалдык тармактагы баракчасына жазган эле. Ал эми «Манас» ААКсы болсо колдон келишинче бардык санитардык нормалар сакталууда деп билдирди.

Кыштобаевдин айтымында, жүргүнчүлөрдү отургузуу процесси натыйжасыз курулгандыктан, аралыкты сактоого мүмкүн болбогон чакан бөлмөдө көп сандагы адам топтолуп калган.

«Кантип ушунча адамды кезекке тургузууга болот? Санитардык нормалар кайда? Эффективдүү башкаруу кайда?» – деп жазган эле ал.

«Пандемия менен байланышкан кырдаалда бардык аэропорттордун кызматкерлери оор шарттарда, кээде тыныгуусуз, 2 нөөмөттө калып иштешүүдө.  Аэропорттордун жетекчилиги жана кызматкерлери тарабынан колдон келишинче бардык санитардык нормалар сакталып жатат», – билдиришти аэропорттун маалымат кызматы.

Ошону менен бирге компаниянын жетекчилиги жүргүнчүлөрдү тейлөөнү жакшыртуу боюнча бардык сын-пикир, сунуштарга көңүл бөлөөрүн белгиледи.   

Мындан тышкары окуңуз

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Мамлекеттик бажы кызматы дары-дармек импорттоодо КНС боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныктады. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 1,3 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын импорттоодо кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныкташты. Маалыматка ылайык, "Н.В.С.О." компаниясы салыктан бошотулган

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу ишкананын расмий баракчасына жарыядланды. Маалыматка ылайык, асма аркан инфраструктурасын куруу иштерин асма транспорттук системаларды долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда. Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол четиндеги бак-дарактарды иретке келтирүү жана бутоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чараны Манас шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы аткарды. Дарактардын куураган жана ашыкча бутактары кыркылып, алардын жакшы өсүшүнө шарт түзүлдү. Мэрия белгилегендей, мындай иш-аракеттер шаардын көчөлөрүнүн көрктүүлүгүн арттырууга, жашыл

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкек мэриясы көп батирлүү үйлөр курулган ижарадагы жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди киргизди. Чечим турак жай ээлеринин мүлктүк укуктарын каттоодогу көйгөйлөрдү жоюуга багытталган. Ага ылайык: * 2026-жылдын 31-декабрына чейин жер тилкесин сатып алуу баасы 50%га төмөндөтүлөт (коэффициент – 0,5); * 2027-жылы – 40%га (коэффициент – 0,6); * 2028-