«Манас» аэропорту тарыхында рекорддук киреше алды

«Манас» аэропорту тарыхында рекорддук киреше алды

«МЭА» ААКнын 2021-жылдын 6 айындагы финансылык көрсөткүчү компаниянын тарыхындагы эң ийгиликтүү эсептелген 2019-жылкы көрсөткүчтү ашып түштү. Бул жылдын кирешеси – 3 млрд 191 млн 666 миң сомду түздү. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы кабарлады.

«Манас» ААКсы 2021-жылдын I жарым жылдыгында 1 млрд 657 млн 936 миң сом өлчөмүндө киреше тапты. Бул «МЭА» ААКнын тарыхында  ийгиликтүү эсептелген 2019-жылдын жыйынтыгынан 606 млн 609 миң сомго ашты. 

2019-жылы 6 ай ичиндеги киреше – 2 млрд 384 млн 630 миң сомду, 2020-жылы – 1 млрд 720 млн 332 миң, ал эми бул жылдын кирешеси – 3 млрд 191 млн 666 миң сомду түзгөн.

Жалпы киреше 3 млрд 191 млн 666 миң сомду, анын ичинде авиациялык ишмердүүлүктөн киреше 2 млрд 881 млн 295 миң сомду түздү. 2019-жылга салыштырмалуу киреше жалпысынан 34% көбөйгөн.

«Биз каттамдардын санын көбөйтүп тим болбостон, буга чейин Кыргызстанга учпаган жаңы авиакомпанияларды тарттык. Буга чейин авиаташуу жүргүзүлбөгөн жаңы өлкөлөргө жана шаарларга каттамдар ачыла баштады», – деди «МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы Бакыт Шаршеев.

Ошондой эле Орусия багыты боюнча, бүгүнкү күндө бардык, анын ичинде миллиондогон эл жашаган чоң шаарлар – Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск, Пермь, Калуга, Оренбург, Самара, Казань, Нижний-Новгород, Кемерово, Минеральные воды, Тюмень жана башка шаарларга аба каттамдар аткарылууда.

Түркстанга (Казакстан) жаңы каттам ачылса, Шарджа, Кувейт жана Мешхедге (Иран) көптөн берки тыныгуудан кийин кайтадан учуулар жанданды.   

Жаңы авиакомпаниялар  «Северный ветер» жана «Россия» «МЭА» ААК менен кызматташып, Орусиянын чоң шаарларына түз каттамдарды камсыздашууда, ошондой эле казакстандык лоукостер «ФлайАрыстан» да жаңы компаниялардын санын толуктады.  

Ошондой эле компания республика ичинде авиакаттамдардын санын көбөйттү. Мисалы, «Баткен» жана «Исфана» аэропортторуна жумасына 3 ирет каттамдар жүргүзүлүүдө, ошону менен жүргүнчүлөрүбүз өлкөнүн алыскы аймактарынан борборго 1 саатта жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар экендигин аэропорттун маалымат кызматы кошумчалап өттү.

Мындан тышкары окуңуз

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Мамлекеттик бажы кызматы дары-дармек импорттоодо КНС боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныктады. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 1,3 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын импорттоодо кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныкташты. Маалыматка ылайык, "Н.В.С.О." компаниясы салыктан бошотулган

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу ишкананын расмий баракчасына жарыядланды. Маалыматка ылайык, асма аркан инфраструктурасын куруу иштерин асма транспорттук системаларды долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда. Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол четиндеги бак-дарактарды иретке келтирүү жана бутоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чараны Манас шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы аткарды. Дарактардын куураган жана ашыкча бутактары кыркылып, алардын жакшы өсүшүнө шарт түзүлдү. Мэрия белгилегендей, мындай иш-аракеттер шаардын көчөлөрүнүн көрктүүлүгүн арттырууга, жашыл

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкек мэриясы көп батирлүү үйлөр курулган ижарадагы жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди киргизди. Чечим турак жай ээлеринин мүлктүк укуктарын каттоодогу көйгөйлөрдү жоюуга багытталган. Ага ылайык: * 2026-жылдын 31-декабрына чейин жер тилкесин сатып алуу баасы 50%га төмөндөтүлөт (коэффициент – 0,5); * 2027-жылы – 40%га (коэффициент – 0,6); * 2028-