«Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасына ылайык, кимдер ипотекалык насыя ала алат?

«Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасына ылайык, кимдер ипотекалык насыя ала алат?

МИК «Менин үйүм 2021-2026» турак жай Программасынын алкагында Кыргызстандын жарандарына ипотекалык насыя берүү шарттары тууралуу маалымдады.

Жаңы программада Кыргызстандын бардык жарандарына, анын ичинде жеке сектордо иштегендерге да ипотека насыясын алуу мүмкүнчүлүгү каралган. Ипотекалык насыяларды берүүдө жарандарга акыйкат жана бирдей мамилени камсыз кылуу максатында, мамлекеттик ипотекалык насыяны алуу үчүн тандоо критерийлери белгиленди.

Тандоонун негизги критерийлери жарандын турак жайы жок болуусу шарт жана эмгек тажрыйбасы болушу керек.

Программа турак жай фондун каржылоонун эки негизги багытын аныктады:

  • Жеңилдетилген ипотека
  • Жеткиликтүү ипотека
  1. «Жеңилдетилген ипотека» категориясына бюджеттик мекемелерде иштеген жарандар, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалар, анын ичинде калктын социалдык аялуу катмары кирет. «Жеңилдетилген ипотека» багыты республикалык бюджеттен каржыланат.

2. «Жеткиликтүү Ипотека» багыты боюнча турак-жай каржылоосу, иштеген тармагына карабастан, өлкөнүн бардык жарандары үчүн жеткиликтүү болот. «Жеткиликтүү Ипотека» багыты инвесторлордон жана эл аралык донорлордон чогулган каражаттардын эсебинен каржыланат.

Белгилей кетүүчү жагдай, республикада келишимдик турак-жай сактык системасы киргизилген. Бул системанын негизги артыкчылыгы – тандоо критерийлеринин жоктугу, башкача айтканда, жарандын турак-жайы болсо деле жана эмгек тажрыйбасы жок болсо да жарандар жеңилдетилген мамлекеттик ипотека насыя ала алышат.

Келишимдик турак жай аманат системасы Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын карамагындагы ААК «Ак-Босого» турак жай-аманат кредиттик компаниясы аркылуу ишке ашырылат. Ак-Босого ААК, байланыш тел.: 0509 29 21 21 (Whatsapp).

Мындан тышкары окуңуз

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Мамлекеттик бажы кызматы дары-дармек импорттоодо КНС боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныктады. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 1,3 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын импорттоодо кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныкташты. Маалыматка ылайык, "Н.В.С.О." компаниясы салыктан бошотулган

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу ишкананын расмий баракчасына жарыядланды. Маалыматка ылайык, асма аркан инфраструктурасын куруу иштерин асма транспорттук системаларды долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда. Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол четиндеги бак-дарактарды иретке келтирүү жана бутоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чараны Манас шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы аткарды. Дарактардын куураган жана ашыкча бутактары кыркылып, алардын жакшы өсүшүнө шарт түзүлдү. Мэрия белгилегендей, мындай иш-аракеттер шаардын көчөлөрүнүн көрктүүлүгүн арттырууга, жашыл

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкек мэриясы көп батирлүү үйлөр курулган ижарадагы жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди киргизди. Чечим турак жай ээлеринин мүлктүк укуктарын каттоодогу көйгөйлөрдү жоюуга багытталган. Ага ылайык: * 2026-жылдын 31-декабрына чейин жер тилкесин сатып алуу баасы 50%га төмөндөтүлөт (коэффициент – 0,5); * 2027-жылы – 40%га (коэффициент – 0,6); * 2028-