Ноокат аймагында суу менен камсыздоо системасын куруу 4.8 млн еврого бааланды

Ноокат аймагында суу менен камсыздоо системасын куруу 4.8 млн еврого бааланды

Кечээ, 28-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар чакан шаарлардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун карап чыгып, добуш берүүгө жөнөтүштү.

Жыйындын жүрүшүндө депутаттар Ноокат жана Кербен шаарларын таза суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын калыбына келтирүү боюнча ЕРӨБ менен келишимдерди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорлорун карашты.

Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев белгилегендей, Ноокат шаарында жана ага чектеш Фрунзе жана Чапаев айылдарында суу менен камсыз кылуу системасын өнүктүрүү боюнча биринчи макулдашуунун алкагында 4.8 млн евро бөлүнгөн. 2.2 млн евро – ЕРӨБдөн 15 жылга 1% менен насыя түрүндө берилген, 2 млн евро ЕРӨБдөн грант негизинде, 0.6 млн евро Япония өкмөтүнүн гранты болуп саналат.

«Экинчи мыйзам долбоору боюнча, Дүйнөлүк Банктын суранычы боюнча, 6.5 млн евролук насыянын мөөнөтүн 26 айдан 24 айга чейин кыскартуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизилип жатат», – деп билдирди Бөрүбаев.

Талкуунун жүрүшүндө ЖКнын депутаттары сунушталган мыйзам долбоорлорунун социалдык маанисин белгилеп, насыялык жана гранттык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана курулуштун сапатына талаптагыдай көзөмөл жүргүзүү зарылдыгын айтышты. Парламентчилер ошондой эле Министрлер кабинетин оңдоо иштерин үч жылдык жеңилдетилген мөөнөт аяктаганга чейин баштоого чакырып, консультациялык кызматтардын баасын төмөндөтүүнү сунушташты.

Мындан тышкары окуңуз

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Мамлекеттик бажы кызматы дары-дармек импорттоодо КНС боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныктады. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 1,3 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын импорттоодо кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныкташты. Маалыматка ылайык, "Н.В.С.О." компаниясы салыктан бошотулган

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу ишкананын расмий баракчасына жарыядланды. Маалыматка ылайык, асма аркан инфраструктурасын куруу иштерин асма транспорттук системаларды долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда. Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол четиндеги бак-дарактарды иретке келтирүү жана бутоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чараны Манас шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы аткарды. Дарактардын куураган жана ашыкча бутактары кыркылып, алардын жакшы өсүшүнө шарт түзүлдү. Мэрия белгилегендей, мындай иш-аракеттер шаардын көчөлөрүнүн көрктүүлүгүн арттырууга, жашыл

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкек мэриясы көп батирлүү үйлөр курулган ижарадагы жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди киргизди. Чечим турак жай ээлеринин мүлктүк укуктарын каттоодогу көйгөйлөрдү жоюуга багытталган. Ага ылайык: * 2026-жылдын 31-декабрына чейин жер тилкесин сатып алуу баасы 50%га төмөндөтүлөт (коэффициент – 0,5); * 2027-жылы – 40%га (коэффициент – 0,6); * 2028-