Эми КРнын жарандары РФнын аймагына мобилдик тиркеме менен гана кире алышат

Эми КРнын жарандары РФнын аймагына мобилдик тиркеме менен гана кире алышат

2021-жылдын 25-июлунан тартып, КРнын жарандары Россия Федерациясынын аймагына киргенде, сөзсүз түрдө «Путешествую без COVID-19» мобилдик тиркемесин колдонуп, терс ПЦР-тест жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Анализ РФнын аймагына келгенге чейин үч күндөн эрте эмес убакта чыккан болуш керек.

Бул үчүнчү өлкөлөрдөн РФга Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин аймагы аркылуу транзит менен же кыска токтотуу менен кирген жарандарга тиешеси жок.

Белгилей кетсек, КРнын чегинен тышкары жакка саякаттагандар үчүн ПЦР-анализин эки мамлекеттик лаборатория жүргүзөт: Бишкек шаарындагы Улуттук вирусологиялык маалымдама лабораториясы жана Ош шаарындагы Subnational Virological Laboratory, ошондой эле «Путешествую без COVID-19» маалыматтык системага туташкан жеке лабораториялар.

Мобилдик тиркемени бул жерден жүктөп алсаңыз болот.

Мындан тышкары окуңуз

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Мамлекеттик бажы кызматы дары-дармек импорттоодо КНС боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныктады. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 1,3 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын импорттоодо кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныкташты. Маалыматка ылайык, "Н.В.С.О." компаниясы салыктан бошотулган

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу ишкананын расмий баракчасына жарыядланды. Маалыматка ылайык, асма аркан инфраструктурасын куруу иштерин асма транспорттук системаларды долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда. Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол четиндеги бак-дарактарды иретке келтирүү жана бутоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чараны Манас шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы аткарды. Дарактардын куураган жана ашыкча бутактары кыркылып, алардын жакшы өсүшүнө шарт түзүлдү. Мэрия белгилегендей, мындай иш-аракеттер шаардын көчөлөрүнүн көрктүүлүгүн арттырууга, жашыл

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкек мэриясы көп батирлүү үйлөр курулган ижарадагы жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди киргизди. Чечим турак жай ээлеринин мүлктүк укуктарын каттоодогу көйгөйлөрдү жоюуга багытталган. Ага ылайык: * 2026-жылдын 31-декабрына чейин жер тилкесин сатып алуу баасы 50%га төмөндөтүлөт (коэффициент – 0,5); * 2027-жылы – 40%га (коэффициент – 0,6); * 2028-