ККИК: Экономикага өзгөчө кырдаалды киргизүү президенттин саясатына каршы келет жана жаңы коррупциялык тобокелдиктерди жаратат

ККИК: Экономикага өзгөчө кырдаалды киргизүү президенттин саясатына каршы келет жана жаңы коррупциялык тобокелдиктерди жаратат

Президенттин алдындагы Коорупцияга каршы ишкер кеңеши экономикага өзгөчө кырдаалды киргизүү президенттин саясатына каршы келет жана жаңы коррупциялык тобокелдиктерди жаратат деп эсептейт. Бул тууралуу аталган кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

2021-жылдын 27-июлунда, КРнын Министрлер Кабинети ЖКга Экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү боюнча мыйзам долбоорун жөнөткөн. Аталган мыйзам долбоору кечээ, 29-июлда ЖКда үчүнчү окууда жактырылып, депуттар тарабынан кабыл алынып, жарым жылга киргизилди.

Президенттин алдындагы Коорупцияга каршы ишкер кеңеши бул мыйзам долбоорунун айрым жоболору бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча президенттин Жарлыгына каршы келет деп эсептейт.

Президентке караштуу ККИК салык ставкаларын жана салык салуу жол-жоболорун өзгөртүү боюнча Министрлер Кабинети тарабынан салык төлөөчүлөргө жүктөлгөн кошумча милдеттенмелер, сунушталып жаткан иш-чаралардын негиздүүлүгү жөнүндө суроолор жаратып жаткандыгына тынчсызданат.

«Жаңы айыптар учурдагы айып пулдардан ашып түшөт жана ишкердикти жүзөгө ашырууда пайда болгон айрым мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликти абдан жогорулатат», – деп билдирет ККИК.

ККИКтин айтымында, бул мыйзам долбоорун киргизүүдө КРнын Жогорку Кеңешинин Регламентинин 47-беренесиндеги ишкердик ишти жөнгө салууда жана мыйзамдын бизнеске таасирин баалоодо, ошондой эле коррупцияга каршы милдеттүү экспертиза жүргүзүү талаптары эске алынган эмес.

«Белгилей кетүүчү нерсе, бул мыйзам долбоорундагы «саясий мүнөздөгү өзгөчө кырдаал» деген термин мамлекеттик органдар жана кызыкдар болгон жактар тарабынан ар кандай дискрециялык чечмелөөгө жана колдонууга алып келиши мүмкүн», – деп тынчсызданат ККИК.

Мыйзам өлкөнүн экономикасына чоң мультипликативдүү терс таасирин тийгизерин, ошондой эле бул мыйзамды тез арада кабыл алуунун объективдүү себептеринин жоктугунан улам, Президенттин алдындагы ККИК өлкөдөгү ишкердик жүргүзүү режимине мыйзамдын таасирин баалоо, бизнес-коомчулугу менен кеңешүү керек деп эсептейт.

«Белгилей кетсек, кабыл алынган ар бир мыйзам экономиканын начарлашы үчүн эмес, өнүгүүсү үчүн иштеши керек», – деди ККИК.

Мындан тышкары окуңуз

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Мамлекеттик бажы кызматы дары-дармек импорттоодо КНС боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныктады. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 1,3 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын импорттоодо кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныкташты. Маалыматка ылайык, "Н.В.С.О." компаниясы салыктан бошотулган

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу ишкананын расмий баракчасына жарыядланды. Маалыматка ылайык, асма аркан инфраструктурасын куруу иштерин асма транспорттук системаларды долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда. Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол четиндеги бак-дарактарды иретке келтирүү жана бутоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чараны Манас шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы аткарды. Дарактардын куураган жана ашыкча бутактары кыркылып, алардын жакшы өсүшүнө шарт түзүлдү. Мэрия белгилегендей, мындай иш-аракеттер шаардын көчөлөрүнүн көрктүүлүгүн арттырууга, жашыл

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкек мэриясы көп батирлүү үйлөр курулган ижарадагы жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди киргизди. Чечим турак жай ээлеринин мүлктүк укуктарын каттоодогу көйгөйлөрдү жоюуга багытталган. Ага ылайык: * 2026-жылдын 31-декабрына чейин жер тилкесин сатып алуу баасы 50%га төмөндөтүлөт (коэффициент – 0,5); * 2027-жылы – 40%га (коэффициент – 0,6); * 2028-