КРнын экономикасына өзгөчө кырдаал алты айга киргизилет – депутаттар мыйзамды кабыл алышты

КРнын экономикасына өзгөчө кырдаал алты айга киргизилет – депутаттар мыйзамды кабыл алышты

Кыргызстандын экономикасына өзгөчө кырдаал киргизилет. Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзам долбоорун дароо үч окууда кабыл алышты.

Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими алты айга киргизилет.

Мыйзамга ылайык, экономикага өзгөчө кырдаал төмөнкү учурларда парламенттин макулдугусуз киргизилет:

  • эгерде отчеттук мезгилде өткөн жылга салыштырмалуу баалар 3.5%га өскөн болсо
  • эгер тышкы карыздын суммасы 10%га көбөйсө
  • эгерде акыркы үч айда ИДПнын экономикалык компоненттери 10%га кыскарган болсо
  • эгерде үч айдын ичинде тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү олуттуу төмөндөгөн болсо
  • эгерде акыркы үч айда салык чогултуу 10%га кыскарган болсо
  • эгерде акыркы чейректе инвестициялык абалдын начарлашы жана капиталдын 20%га чыгып кетиши байкалса.

Белгилей кетсек, коомдук талкуусуз жана жөнгө салуучу таасирин талдоосу жок эле демилгеленген бул мыйзам долбоору бизнес коомчулугуна жаккан жок.

Бизнес-омбудсмен бизнес коомчулугу бул мыйзам долбоору тууралуу ЖМКдан билгендигине нааразы болду. Робин Орд-Смит экономиканын калыбына келүүсүнө жетишүү үчүн мамлекет менен бизнес чөйрөсүнүн ортосунда диалог, анын ичинде бизнес чөйрөсүнө жана инвестициялык климатка түздөн-түз таасир этүүчү мыйзамдык демилгелерди коомдук талкууга салыш керек деп эсептейт.

Депутат Дастан Бекешев бул мыйзам долбоору министрлер кабинетинин ыйгарым укуктарын кеңейтүү максатында демилгеленген жана айрым ченемдер экономикалык туруктуулукка коркунуч туудурат деген пикирин айтты.

Мындан тышкары окуңуз

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Мамлекеттик бажы кызматы дары-дармек импорттоодо КНС боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныктады. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 1,3 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын импорттоодо кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныкташты. Маалыматка ылайык, "Н.В.С.О." компаниясы салыктан бошотулган

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу ишкананын расмий баракчасына жарыядланды. Маалыматка ылайык, асма аркан инфраструктурасын куруу иштерин асма транспорттук системаларды долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда. Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол четиндеги бак-дарактарды иретке келтирүү жана бутоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чараны Манас шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы аткарды. Дарактардын куураган жана ашыкча бутактары кыркылып, алардын жакшы өсүшүнө шарт түзүлдү. Мэрия белгилегендей, мындай иш-аракеттер шаардын көчөлөрүнүн көрктүүлүгүн арттырууга, жашыл

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкек мэриясы көп батирлүү үйлөр курулган ижарадагы жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди киргизди. Чечим турак жай ээлеринин мүлктүк укуктарын каттоодогу көйгөйлөрдү жоюуга багытталган. Ага ылайык: * 2026-жылдын 31-декабрына чейин жер тилкесин сатып алуу баасы 50%га төмөндөтүлөт (коэффициент – 0,5); * 2027-жылы – 40%га (коэффициент – 0,6); * 2028-