Жарым жылда кыйыр салык боюнча бюджетке 16.2 млн сом түштү

Жарым жылда кыйыр салык боюнча бюджетке 16.2 млн сом түштү

Жыл башынан бери бюджетке импортко кыйыр салык боюнча 16.2 млн сом түштү. Бул тууралуу мамлекеттик Салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын 1-январынан тартып 15-июлуна чейин  ЕАЭБ алкагында  бюджетке 16 млрд 231.6 млн сом суммасында импортко кыйыр салыктардын түшүүсүн камсыз кылган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5 млрд 252.6 млн сомго көп же өсүү ыргагы 147.8% ды түзгөн.

Эсепке алынбаган товарларды ташып келүүнү төмөндөтүү максатында ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен тышкы экономикалык ишмердикти ишке ашыруучу субъекттер тарабынан салыктардын толук эсептелинишине жана төлөнүшүнө туруктуу негизде мониторинг жана талдоо жүргүзүлөт.

Иштин жыйынтыгы боюнча салыктарды төлөбөөнүн эсептик тобокелдиктери аныкталды. Жыл башынан бери аймактык салык органдарына 368 млн сом суммасында 124 материал жөнөтүлгөн, анын ичинен 146 715.4 миң сому кошуп эсептелинип,  2 557.3 миң сому өндүрүлгөн.

Ошондой эле аталган мезгил ичинде ташылып келген жүктөргө товар коштоочу тийиштүү документтерди бербеген фактылар боюнча 1 021 материал мобилдүү топторго өткөрүлүп берилген. Өткөрүлүп берилген материалдардын саны 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 567 бирдикке көбөйгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Мамлекеттик бажы кызматы дары-дармек импорттоодо КНС боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныктады. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 1,3 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын импорттоодо кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныкташты. Маалыматка ылайык, "Н.В.С.О." компаниясы салыктан бошотулган

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу ишкананын расмий баракчасына жарыядланды. Маалыматка ылайык, асма аркан инфраструктурасын куруу иштерин асма транспорттук системаларды долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда. Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол четиндеги бак-дарактарды иретке келтирүү жана бутоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чараны Манас шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы аткарды. Дарактардын куураган жана ашыкча бутактары кыркылып, алардын жакшы өсүшүнө шарт түзүлдү. Мэрия белгилегендей, мындай иш-аракеттер шаардын көчөлөрүнүн көрктүүлүгүн арттырууга, жашыл

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкек мэриясы көп батирлүү үйлөр курулган ижарадагы жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди киргизди. Чечим турак жай ээлеринин мүлктүк укуктарын каттоодогу көйгөйлөрдү жоюуга багытталган. Ага ылайык: * 2026-жылдын 31-декабрына чейин жер тилкесин сатып алуу баасы 50%га төмөндөтүлөт (коэффициент – 0,5); * 2027-жылы – 40%га (коэффициент – 0,6); * 2028-