КРда 22 миңге жакын коомдук уюм бар

КРда 22 миңге жакын коомдук уюм бар

Статистикалык бирдиктердин Бирдиктүү мамлекеттик регистринин (СББМР) маалыматтары боюнча 2020-жылдын аягына карата КРнын аймактарында 22 миңге жакын коомдук уюм катталган. Мындай маалыматты Улустатком берди.

Коомдук уюмдардын эң көп саны Бишкек шаарында (34.2%), Ош жана Жалал-Абад облустарында (12.5%), ошондой эле Чүй облусунда (11.2%) катталган.

2020-жылы катталган коомдук уюмдардын жалпы санынын 6 миңи же 27% ишмердигин жүргүздү. Аларда иштеген жылдык орточо кызматкерлердин саны 17 миңге жакын адамды түзгөн, ал эми мүчөлөрүнүн саны миллион адамдан ашкан.

2020-жылы коомдук уюмдар менен 14 млрд сомго жакын суммасында финансылык ресурстар алынган.

Финансылык каражаттардын негизги үлүшү кайрымдуулук каражаттар, демөөрчүлүк жардам жана кайыр садага түрүндө (алардын жалпы көлөмүнүн 58%) жана максаттуу финансылоо каражаттарынан (20%) келип түшкөн. Мындан тышкары, олуттуу суммалары дипозиттердин кирешелеринен, мүчөлүк төгүмдөр түрүндө жана кызмат көрсөтүүлөрдөн  келип түшкөн.

Жумшалган каражаттардын эң көп суммалары демөөрчүлүк жана кайрымдуулук жардамга (жалпы пайдаланылган каражаттардын суммасынын 24.4%), эмгек акыны төлөөгө жана социалдык муктаждыктардын чегеримдерине (23.4%), ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө (13.5%) багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Мамлекеттик бажы кызматы дары-дармек импорттоодо КНС боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныктады. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 1,3 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын импорттоодо кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныкташты. Маалыматка ылайык, "Н.В.С.О." компаниясы салыктан бошотулган

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу ишкананын расмий баракчасына жарыядланды. Маалыматка ылайык, асма аркан инфраструктурасын куруу иштерин асма транспорттук системаларды долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда. Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол четиндеги бак-дарактарды иретке келтирүү жана бутоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чараны Манас шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы аткарды. Дарактардын куураган жана ашыкча бутактары кыркылып, алардын жакшы өсүшүнө шарт түзүлдү. Мэрия белгилегендей, мындай иш-аракеттер шаардын көчөлөрүнүн көрктүүлүгүн арттырууга, жашыл

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкек мэриясы көп батирлүү үйлөр курулган ижарадагы жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди киргизди. Чечим турак жай ээлеринин мүлктүк укуктарын каттоодогу көйгөйлөрдү жоюуга багытталган. Ага ылайык: * 2026-жылдын 31-декабрына чейин жер тилкесин сатып алуу баасы 50%га төмөндөтүлөт (коэффициент – 0,5); * 2027-жылы – 40%га (коэффициент – 0,6); * 2028-