КРда бүгүнкү күндө AstraZeneca вакцинасын 1285 адам алган

КРда бүгүнкү күндө AstraZeneca вакцинасын 1285 адам алган

Европа биримдигиндеги өлкөлөрдө AstraZeneca вакцинасын болжол менен 49 млн адам алган, ал эми Кыргызстанда бүгүнкү күндө AstraZeneca вакцинасын 1285 адам алды. Мындай маалыматты Минкабинеттин басма сөз кызматы маалымдады.

КРга COVAX механизми алкагында, коронавирус инфекциясына каршы 226 миң 560 доза AstraZeneca вакцинасынын биринчи партиясы келди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жүктү кабыл алуу учурунда өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө жана COVAX механизмине катышкан өлкөлөрдүн КРгы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө өлкөгө акысыз көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Эпидемияга даярдыкты камсыздоодогу инновациялар үчүн коалициясынын бардык катышуучу өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнө, Вакцинация боюнча Глобалдык Альянска жана ЮНИСЕФ, ошондой эле COVAX механизмине катышкан өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрүнө ыраазычылык билдиргим келет. Мен жарандарды коронавирус инфекциясына каршы эмдөөгө чакыргым келет, эмдөө сизди жана жакындарыңыздын ден-соолугун коргойт», – деди Жылдыз Бакашова.

Анын айтымында, КР бардык процедуралардан өткөндөн кийин, 2020-жылдын сентябрь айында 190 өлкө мүчөсү катары камтылган COVAX платформасынын мүчөсү болду. Европа биримдигиндеги өлкөлөрдө AstraZeneca вакцинасын болжол менен 49 млн адам алган, ал эми Кыргызстанда бүгүнкү күндө AstraZeneca вакцинасын 1285 адам алган. 

Мындан тышкары окуңуз

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Мамлекеттик бажы кызматы дары-дармек импорттоодо КНС боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныктады. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 1,3 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын импорттоодо кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныкташты. Маалыматка ылайык, "Н.В.С.О." компаниясы салыктан бошотулган

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу ишкананын расмий баракчасына жарыядланды. Маалыматка ылайык, асма аркан инфраструктурасын куруу иштерин асма транспорттук системаларды долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда. Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол четиндеги бак-дарактарды иретке келтирүү жана бутоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чараны Манас шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы аткарды. Дарактардын куураган жана ашыкча бутактары кыркылып, алардын жакшы өсүшүнө шарт түзүлдү. Мэрия белгилегендей, мындай иш-аракеттер шаардын көчөлөрүнүн көрктүүлүгүн арттырууга, жашыл

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкек мэриясы көп батирлүү үйлөр курулган ижарадагы жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди киргизди. Чечим турак жай ээлеринин мүлктүк укуктарын каттоодогу көйгөйлөрдү жоюуга багытталган. Ага ылайык: * 2026-жылдын 31-декабрына чейин жер тилкесин сатып алуу баасы 50%га төмөндөтүлөт (коэффициент – 0,5); * 2027-жылы – 40%га (коэффициент – 0,6); * 2028-