ОКӨФ каржылаган сүт заводунун өндүрүшү 5 эсеге көбөйөт

ОКӨФ каржылаган сүт заводунун өндүрүшү 5 эсеге көбөйөт

Орус-кыргыз өнүктүрүү Фонду каржылаган «Үй-бүлөлүк салттар» сүт заводунун өндүрүшү 5 эсеге көбөйөт. Бул тууралуу аталган Фонддон билдиришти.

ОКӨФ азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, импортту алмаштырууга жана экспорттун өсүшүнө багытталган долбоорлорго ар тараптуу колдоо көрсөтөт. Бул багытта кийинки кадам уникалдуу сүт азыктарын (40тан ашуун быштак, йогурт, ачытылган бышырылган сүт, сыр, май, сүт, балмуздак, ж.б.) өндүрүүгө багытталмакчы.

Долбоордун алкагында «Үй-бүлөлүк салттар» сүт заводунун өндүрүштүк жабдуулары жаңыртылып, сапаттуу сүт азыктарын өндүрүү үчүн жаңы технологиялык системасы киргизилет. Натыйжада, сүттү кайра иштетүүнүн көлөмү беш эсе көбөйөт. Долбоордун ишке кириши фермерлер үчүн синергетикалык эффект берет – сүт сатууну көбөйтөт жана жаңы жумуш орундарын түзөт.

Долбоор экспортко багытталган, продукция өндүрүүнүн жогорку стандарттары компанияга Казакстанга жана Россияга экспортту көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

«Сүт өндүрүшүн, ошондой эле өлкөнүн экономикасын модернизациялоо боюнча иштер жаңы форматта улантылат. Бүгүн Фонд бизнес үчүн, ишкерлер үчүн, жаңы маанилүү жана кызыктуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мурдагыдан да ачык», – деп баса белгиледи аталган Фонддун төрагасы Артем Новиков «Үй -бүлөлүк салттар» ишканасы менен кредиттик келишимге кол коюу аземинде сүйлөгөн сөзүндө.

Мындан тышкары окуңуз

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Мамлекеттик бажы кызматы дары-дармек импорттоодо КНС боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныктады. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 1,3 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын импорттоодо кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныкташты. Маалыматка ылайык, "Н.В.С.О." компаниясы салыктан бошотулган

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу ишкананын расмий баракчасына жарыядланды. Маалыматка ылайык, асма аркан инфраструктурасын куруу иштерин асма транспорттук системаларды долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда. Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол четиндеги бак-дарактарды иретке келтирүү жана бутоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чараны Манас шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы аткарды. Дарактардын куураган жана ашыкча бутактары кыркылып, алардын жакшы өсүшүнө шарт түзүлдү. Мэрия белгилегендей, мындай иш-аракеттер шаардын көчөлөрүнүн көрктүүлүгүн арттырууга, жашыл

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкек мэриясы көп батирлүү үйлөр курулган ижарадагы жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди киргизди. Чечим турак жай ээлеринин мүлктүк укуктарын каттоодогу көйгөйлөрдү жоюуга багытталган. Ага ылайык: * 2026-жылдын 31-декабрына чейин жер тилкесин сатып алуу баасы 50%га төмөндөтүлөт (коэффициент – 0,5); * 2027-жылы – 40%га (коэффициент – 0,6); * 2028-