«Стартап Кубок» Prosperity Cup түштүк аймактарында сынак жарыялайт – сапаттуу стартаптар гранттык колдоо алышат

«Аракетчил» жаштар долбоору Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын инновациялык жана санарип стартаптарынан «Стартап Кубок» Prosperity Cup боюнча арыздарды кабыл алууну жарыялайт. Бул тууралуу Accelerate Prosperity акселерациясынан билдиришти.

«Стартап Кубок» Prosperity Cup Кыргызстандын түштүгүндөгү жаштар жана IT стартаптар менен иштөөгө багытталган. Үч жуманын ичинде колдонмо аркылуу тандалып алынган акселерациянын катышуучулары интенсивдүү окутуудан өтүп, өзүнүн бизнес идеяларын өркүндөтүп, маанилүү билим жана тажрыйба алышат.

Тандоонун негизги критерийлери: иштелип чыккан идеясы жана прототиби бар, командада 2 адамдан кем болбогон долбоор болушу керек. Эң ийгиликтүү стартаптар гранттык колдоо алышат.

Долбоор жаштарды эмгек рыногуна жана алар үчүн базар мүмкүнчүлүктөрүнө даярдоону көздөйт. Атап айтканда, жаштар үчүн эмгек рыногунда талап кылынган көндүмдөргө, өзүнчө нарк чынжырларында кошумча наркты түзүүгө жана IT жана электрондук кызматтарды жана алардын потенциалын өнүктүрүүгө басым жасоо болуп эсептелет.

Катышуу үчүн бул  https://kg.accelerateprosperity.org/prosperitycup веб-сайтта 2021-жылдын 20-августуна чейин арызды толтуруу керек. Эгерде суроолор болсо бул номерге байланышсаңыз болот: 0990935008 

  • «Аракетчил» долбоору Япония Өкмөтү тарабынан Дүйнөлүк Банк менен өнөктөштүктө каржыланып, Ага Хан Фондунун «Кыргызстандын тоолуу аймактарын өнүктүрүүнү колдоо программасы» тарабынан ишке ашырылууда.

Окуу программасы үчүн ишкердик боюнча максаттуу жамааттарга баштапкы жана улантуучу деңгээлде 5 млн сом бөлүнгөн.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Кербен шаарында айыл чарба жарманкеси өттү

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар