Кыргызстанда биринчи юрист-бот пайда болду – ал салыктар жана эмгек шарттары боюнча кеңеш берет

Кыргызстанда биринчи юрист-бот пайда болду – ал салыктар жана эмгек шарттары боюнча кеңеш берет

Кыргызстанда биринчи юрист-бот пайда болду. Ал жеке ишкерлерди каттоо боюнча, ошондой эле салык режимдери жана эмгек талаштары боюнча бекер кеңеш берет. Мындан тышкары, Telegram-бот карыз тил кат жана алимент алуу үчүн арыз толтура алат.

Телеграм-ботту юрист Фатима Якупбаева түзгөн. Анын айтымында, азыр виртуалдык юристтин жарым миңден ашык колдонуучулары бар.

«Бул толугу менен менин идеям. Көп жылдар бою мен муну ишке ашыргым келип жүргөн, бирок убакыт жана мүмкүнчүлүк болгон жок. Мен чындап эле юридикалык консультация үчүн акча төлөй албаган адамдардын суроолоруна тез жана оңой жооп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушун каалайм», – деди ал Economist.kg басылмасына  берген маегинде.

Юрист-бот төмөндөгүлөр боюнча кеңеш берет:
  • балдар үчүн алимент өндүрүү маселелери
  • жеке ишкерди каттоо
  • салык режимдеринин айрым түрлөрү
  • эмгек талаш-тартыштарынын эки жалпы категориясы
  • керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери

Якупбаева белгилегендей, азыр адвокаттар белгилүү бир сайттарда консультация беришет. Бирок, анын ою боюнча, келечекте суроо-жоопторду камтыган мессенджерлер менен боттор иш алпарат.

  • Telegram-бот шилтемеде орус жана кыргыз тилдеринде жеткиликтүү. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн, шилтемени басыңыз.

Мындан тышкары окуңуз

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Мамлекеттик бажы кызматы дары-дармек импорттоодо КНС боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныктады. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 1,3 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын импорттоодо кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныкташты. Маалыматка ылайык, "Н.В.С.О." компаниясы салыктан бошотулган

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу ишкананын расмий баракчасына жарыядланды. Маалыматка ылайык, асма аркан инфраструктурасын куруу иштерин асма транспорттук системаларды долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда. Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол четиндеги бак-дарактарды иретке келтирүү жана бутоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чараны Манас шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы аткарды. Дарактардын куураган жана ашыкча бутактары кыркылып, алардын жакшы өсүшүнө шарт түзүлдү. Мэрия белгилегендей, мындай иш-аракеттер шаардын көчөлөрүнүн көрктүүлүгүн арттырууга, жашыл

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкек мэриясы көп батирлүү үйлөр курулган ижарадагы жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди киргизди. Чечим турак жай ээлеринин мүлктүк укуктарын каттоодогу көйгөйлөрдү жоюуга багытталган. Ага ылайык: * 2026-жылдын 31-декабрына чейин жер тилкесин сатып алуу баасы 50%га төмөндөтүлөт (коэффициент – 0,5); * 2027-жылы – 40%га (коэффициент – 0,6); * 2028-