КРдагы ИДПнын өсүү темпи төмөндөөдө, инфляция жогору бойдон калууда

КРдагы ИДПнын өсүү темпи төмөндөөдө, инфляция жогору бойдон калууда

КРда товарларды өндүрүүчү тармактардын өсүү темпи өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 9.1%га төмөндөдү (2020-жылдын январь-июлуна 1.8% төмөндөѳ байкалган). Ал эми январь-июлда инфляция 7%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Ички дүң продукттун (ИДП) өсүү темпинин төмөндөшү өнөр жайда жана курулушта алардын кыскарышы менен шартталды. Муну менен бирге, товарларды өндүрүүчү тармактардын өсүү темпи өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу  9.1%га төмөндөдү (2020-жылдын январь-июлуна 1.8%га төмөндөѳ болгон). Кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2021-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 5.0%га көбөйдү (2020-жылдын январь-июлунда 9,7 пайызга төмөндөѳ болгон).

ИДП алдын-ала баалоо боюнча, 2021-жылдын январь-июлунда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1.6%га төмөндөө менен 337 млрд жакын сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 306 млрд жакын сом өлчөмүндө түзүлгөн.

Үстүбүздөгү жылдын январь-июлунда ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (47.8%з) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келди, ал өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 0.4 пайыздык пунктка көбөйдү.

  • Белгилей кетсек, Евразия Өнүктүрүү Банкынын (ЕӨБ) макроэкономикалык божомолунда да тейлөө тармагы Кыргызстандын экономикасын калыбына келтирүүнүн негизги драйвери болот деп айтылган болчу.

ИДП түзүмүндөгү өнөр жайдын үлүшү 20.9%ды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3.3 пайыздык пунктка төмөн, курулуштун үлүшү, тиешелүүлүгүнө жараша, 5%га төмөн болду, ал эми ушул эле учурда дүң жана чекене соода автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоолордун үлүшү, тескерисинче, 14.8 пайызды түзүү менен 1.3 пайыздык пунктка көбөйдү.

Кыргызстанда инфляция жогору бойдон калууда

Кыргызстанда январь-июлда инфляция 7%ды түздү. Тамак-аш жана алкоголсуз суусундуктар (+ 10%), алкоголдук ичимдиктер жана тамеки (+ 8.3%) кыйла жогорулады.

Ошондой эле, азык-түлүк эмес товарларга баалар 4.7%га, ал эми калк үчүн тарифтерге-1.5%га жогорулады.

Керектөөчү баалардын жана тарифтердин өсүшү республиканын бардык аймактарында байкалган. Мында баалардын максималдуу өсүшү ( 9.7%) Баткен облусунда катталган. Бул башка региондорго салыштырмалуу азык-түлүк жана суусундуктардын (+ 13.8%), алкоголдун жана тамекинин (+ 13.6%) баасынын эң чоң өсүшүнө байланыштуу.

Баалардын өсүшү жылдын аягына барып басаңдайт

Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) IV кварталда Кыргызстанда инфляциялык басым жана динамика басаңдайт деп божомолдоодо. Бирок жылдын аягында инфляция мурдагыдай эле 5-7% деңгээлинде калат.

Банктын макроэкономикалык серебинде КРда июнь айында инфляция күтүлгөндөй эле жогорулаган, бирок алардын божомолунан да тез ылдамдык менен ашып өткөн. Эске салсак, июнь айында бул көрсөткүч 14.2%ды түзгөн болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Мамлекеттик бажы кызматы дары-дармек импорттоодо КНС боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныктады. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 1,3 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын импорттоодо кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныкташты. Маалыматка ылайык, "Н.В.С.О." компаниясы салыктан бошотулган

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу ишкананын расмий баракчасына жарыядланды. Маалыматка ылайык, асма аркан инфраструктурасын куруу иштерин асма транспорттук системаларды долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда. Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол четиндеги бак-дарактарды иретке келтирүү жана бутоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чараны Манас шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы аткарды. Дарактардын куураган жана ашыкча бутактары кыркылып, алардын жакшы өсүшүнө шарт түзүлдү. Мэрия белгилегендей, мындай иш-аракеттер шаардын көчөлөрүнүн көрктүүлүгүн арттырууга, жашыл

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкек мэриясы көп батирлүү үйлөр курулган ижарадагы жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди киргизди. Чечим турак жай ээлеринин мүлктүк укуктарын каттоодогу көйгөйлөрдү жоюуга багытталган. Ага ылайык: * 2026-жылдын 31-декабрына чейин жер тилкесин сатып алуу баасы 50%га төмөндөтүлөт (коэффициент – 0,5); * 2027-жылы – 40%га (коэффициент – 0,6); * 2028-