Америкалык корпорация «Кыргызалтынга» каршы 1 млн долларлык доо койду

Америкалык корпорация «Кыргызалтынга» каршы 1 млн долларлык доо койду

Институционалдык деңгээлдеги финансылык кызматтарды көрсөтүүчү StoneX Group Inc., америкалык корпорациясы «Кыргызалтын» ААКсына каршы 1 млн доллардан ашуун доо арыз менен Лондон сотуна кайрылды. Арызды Лондондогу алтын рыногун жөнгө салуучу изилдеп жатат, эгер мыйзам бузуулар табылса, «Кыргызалтын» эл аралык алтын рынокторуна кире албай калуу коркунучу бар. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасынын макаласында айтылат.

Centerra и StoneX компанияларынын соттук иштери менен жакындан тааныш адамдардын айтымында, май айында, Кумтөр кенин кыргыз бийлиги көзөмөлгө алганда, мамлекеттик аффинаждык компания StoneX ишканасына алтын ташууну үзгүлтүккө учуратып, 29 млн долларга жакын акчаны кармап калууга аракет кылган деп айтылат басылмада.

StoneX компаниясынын айтымында, «Кыргызалтын» трейдерге Well Fargo эсебине акча которуу талабы менен эсеп-фактурасын жөнөткөн, ал болсо, Wells Fargo & Co атынын туура эмес жазылышы болгон.

Компания Лондондун сотуна алтын келишимин хеджирлөөдө келтирилген чыгымдарды жабуу үчүн аффинаждык заводго каршы 1 млн доллардан ашуун доо койгон.

«Баалуу металлдар рыногунун Лондон Ассоциациясы алтынды кайра иштетүүчү заводго каршы айыптоолорду изилдеп жатат жана анын эрежелери менен принциптеринин бузулушуна олуттуу карайт», – дейт Лондон алтын рыногунун көзөмөлдөө боюнча аткаруучу директору жана башкы кеңешчиси Сахил Мирза.

Эгерде ассоциация «Кыргызалтынга» каршы бир нерсе тапса, анда ишкана рынокко кирчү ишенимдүү аффинаждык заводдордун тизмесинен чыгарылышы мүмкүн. Бул анын эл аралык алтын базарларында соода кылуусуна тоскоол боло турган сейрек кадам деп айтылат The Wall Street Journal басылмасынын макаласында.

Эске сала кетсек, буга чейин «Кыргызалтын» 29 млн долларды уруксатсыз банк эсебине которуу аракети тууралуу билдирүүнү четке каккан.

Мындан тышкары окуңуз

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Мамлекеттик бажы кызматы дары-дармек импорттоодо КНС боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныктады. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 1,3 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын импорттоодо кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныкташты. Маалыматка ылайык, "Н.В.С.О." компаниясы салыктан бошотулган

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу ишкананын расмий баракчасына жарыядланды. Маалыматка ылайык, асма аркан инфраструктурасын куруу иштерин асма транспорттук системаларды долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда. Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол четиндеги бак-дарактарды иретке келтирүү жана бутоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чараны Манас шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы аткарды. Дарактардын куураган жана ашыкча бутактары кыркылып, алардын жакшы өсүшүнө шарт түзүлдү. Мэрия белгилегендей, мындай иш-аракеттер шаардын көчөлөрүнүн көрктүүлүгүн арттырууга, жашыл

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкек мэриясы көп батирлүү үйлөр курулган ижарадагы жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди киргизди. Чечим турак жай ээлеринин мүлктүк укуктарын каттоодогу көйгөйлөрдү жоюуга багытталган. Ага ылайык: * 2026-жылдын 31-декабрына чейин жер тилкесин сатып алуу баасы 50%га төмөндөтүлөт (коэффициент – 0,5); * 2027-жылы – 40%га (коэффициент – 0,6); * 2028-