Улуттук банк КРнын 30 жылдык эгемендүүлүгүнө карата алтын жана күмүш коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө чыгарат

Улуттук банк КРнын 30 жылдык эгемендүүлүгүнө карата алтын жана күмүш коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө чыгарат

Улуттук банк 2021-жылдын 16-августунан тартып, КРнын эгемендигинин 30 жылдыгына карата «Тарыхый окуялар» сериясындагы «Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл» алтын жана күмүш коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу УБтын маалымат кызматы кабарлады.

Алтын монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетинен болуп, кыргыз элинин биримдигин жана гүлдөп-өркүндөшүн чагылдырган улуттук оюулар менен кооздолгон, жетишкендиктин жана бакубаттуулуктун символу катары боз үйдүн сүрөтү саналат. Боз үйдүн чок ортосунда «30 жыл» (30 лет) деген жазуу түшүрүлгөн.

Монетанын төмөнкү бөлүгүндө монетанын номиналы жана улуттук валютанын графикалык символу «100 С» көрсөтүлгөн. Монетанын аталышы «Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл / Независимой Кыргызской Республике – 30 лет» монетаны тегерете түшүрүлгөн.

Монетанын арткы бетинде улуттук оюулар менен шырдактын – кийиз килемдин сүрөтү түшүрүлгөн. Монетанын чок ортосунда КРнын герби түшүрүлгөн. Монетанын сол жагында сапат белгиси (Au 999°) жана монетанын салмагы (7,78 g), ал эми монетанын оң жагында чыгарылган жылы (2021) көрсөтүлгөн. Монетаны тегерете «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы / Национальный банк Кыргызской Республики» жазуусу түшүрүлгөн.

Күмүш монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетинен болуп, региондор аралык жана аймактык биримдиктин символу катары гүлдүн жети желекчеси түрүндө берилген жана «30 жыл» (30 лет) жазуусу менен бириктирилген, Кыргызстандын ар бир регионунун географиялык картасынын сүрөтү саналат. Монетанын төмөнкү бөлүгүндө «Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл» жазуусу түшүрүлгөн. Сол жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925) жана монетанын салмагы (28,28 g), оң жагында монетанын номиналы «10 сом» чагылдырылган.

Монетанын арткы бетинин чок ортосунда өлкөнүн желегинин элесин билдирген, улуттук оюулар жана күндүн нурлары менен курчалган Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын төмөнкү бөлүгүндө чыгарылган жылы (2021) көрсөтүлгөн. Монетаны тегерете «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы / Национальный банк Кыргызской Республики» жазуусу түшүрүлгөн.

Ар бир коллекциялык монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган. Улуттук валютанын коллекциялык монеталары КРнын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

  • Алтын монетанын сатуу баасы: 50 660 сом.
  • Күмүш монетанын сатуу баасы: 3 410 сом.
  • Коллекциялык монеталарды сатуу Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында иш күндөрү саат 9.00дөн 15.00гө чейин жүргүзүлөт, ошондой эле www.numizmat.nbkr.kg веб сайты аркылуу.

Мындан тышкары окуңуз

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу ишкананын расмий баракчасына жарыядланды. Маалыматка ылайык, асма аркан инфраструктурасын куруу иштерин асма транспорттук системаларды долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда. Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол четиндеги бак-дарактарды иретке келтирүү жана бутоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чараны Манас шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы аткарды. Дарактардын куураган жана ашыкча бутактары кыркылып, алардын жакшы өсүшүнө шарт түзүлдү. Мэрия белгилегендей, мындай иш-аракеттер шаардын көчөлөрүнүн көрктүүлүгүн арттырууга, жашыл

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкек мэриясы көп батирлүү үйлөр курулган ижарадагы жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди киргизди. Чечим турак жай ээлеринин мүлктүк укуктарын каттоодогу көйгөйлөрдү жоюуга багытталган. Ага ылайык: * 2026-жылдын 31-декабрына чейин жер тилкесин сатып алуу баасы 50%га төмөндөтүлөт (коэффициент – 0,5); * 2027-жылы – 40%га (коэффициент – 0,6); * 2028-

3,1 млн сомго бааланган унаалар мыйзамсыз каттоодон өткөрүлгөн

3,1 млн сомго бааланган унаалар мыйзамсыз каттоодон өткөрүлгөн

Мамлекеттик Бажы кызматы эки жүк ташуучу автоунааны мыйзамсыз каттоо фактысын аныктады. Мамлекетке келтирилген 3,1 млн сомдон ашык зыяндын орду толтурулду. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка таянсак, Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Кыргызстандын аймагында 2012-жылы чыгарылган “DAF” үлгүсүндөгү эки жүк ташуучу автоунаанын баштапкы мамлекеттик каттоодон мыйзамсыз өткөрүү фактысын аныкташты.